Акыркы кабарлар
» Саясат » Депутат Айгүл Айдарова камалабы?
Депутат Айгүл Айдарова камалабы?
21-май, 21:56

Артынан тескери сөз ээрчитип, “шымы жаман жеринен айрылгандай” образдагы депутат Айгүл Айдарованын кылыктары коомчулукта талкууланып бүтпөй келет. Бул аял он жылга жакын Аламүдүн РИИБде тергөөчү болуп иштептир. Ал жакта да “аңыз кеби” арбын экен. Бизге жеткен маалымат боюнча алсак, Айгүл Айдарова тергөөчү кезинде кылмыш иштерин мыйзамсыз кыскартканы, кызмат абалынан кыянат пайдаланганы ыраспы? Бул жагынан көп былыктары чыгып, негиздүү фактылар кашкайып калдыбы? Жакында кылмыш иши козголсо, депутаттык кол тийбестиги алынса, түрмөгө камалабы? Ооба, дагы көп суроолор кабыргасынан турганын эскертмекчибиз. Ошондо Айгүлдүн бийлегени, оюн салып жүргөн күндөрү артта калып, тагдыры жарга асылабы? Баам сала туралы.
"Азия Ньюс" гезити