Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исмаил Исаков: “Сепаратисттердин кылыгын, Максим, Жаныштын “кипишин” да айтабыз

Исмаил Исаков: “Сепаратисттердин кылыгын, Максим, Жаныштын “кипишин” да айтабыз

09-сентябрь, 09:00
510 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Исмаил ага, 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча сизге тагылган айыптар дале күчүндө калуудабы?

-- Бул иш менен элдин башын айлантып, Июнь окуясынын “чапанын” кийгизгени менен анын ичинен бир гана эпизодду бизге таңуулап жатышат. Ал “Кадыржан Батыровду чыгарышкан, ошол сепаратисттерге көмөк көрсөткөн” деген таризде коюлган айып боюнча сот процесстери башталды. Бул абсурд, укуктук сабатсыздык! Ош окуясын караса, анда ал маселени комплексинде караш керек. Бизде бүгүн маалыматтар бар. Ошол сепаратисттердин бири Салахутдинов Өзбекстанда жашап, Кыргызстанга химиялык жер семирткич ташыйт. Аны менен биздин кээ бир депутаттар иштешет экен, аны УКМК өкүлдөрү калкалайбы? Аны кошо караш керек болчу. Аны дагы ким чыгарды жана эмне үчүн башкы прокурор жана УКМК бүгүнкү күнгө чейин өз милдеттерин так аткарып, алып келбейт? Эмнеге анысын калкалап жүрүшөт? Максим, Жанышын караш керек болчу, “ким чыгарган?” деп. “Кантип кипиш уюштурушкан? Кимдер бул жерде аларга көмөк көрсөткөн? Кимдер өздөрүнүн мыйзамсыз өзүмбилемдиги менен элди дүрбөтүп көтөрүп чыгышкан? Кимдердин тарапташтары Жалал-Абаддагы аскер бөлүктөрүнүн техника жана куралдарын күч менен басып алган? Ошол куралдар кимдерге каршы колдонулуп, кимдер ырбаткан?” деген маселелерди толук караш керек. Ошондо айтса болот, “Ош окуясын карап жатабыз” деп. Азыр андай эмес. 

Буюрса, биз баардыгын алып чыкканга болгон аракетибизди жасайбыз. Андан башка, бийлик экинчи тарапты эске албай жатат. Ушинтип ырбата беришсе, экинчи тарап баш көтөрүп чыгышына эч ким кепилдик бере албайт. Биз канча жолу айттык, “мамлекеттин кызыкчылыгы, анын коопсуздугу болот. Ошого доо кетип калышы мүмкүн” дегенибизге карабай, мыйзамдарды одоно бузуу жолу менен күчкө салып, сотто караттырып атканы жакшылыкка алып келбейт. 

Ал эми биздин корко турган эч нерсебиз жок. Өзүбүздүн милдетибизди так аткарып, 3-5 күндө Бакиевдердин, анын тарапташтарынын, сепаратисттердин жана үчүнчү күчтөрдүн кайгылуу окуяны алып чыккандарына туруштук берип, эки улуттун биримдигин камсыз кылып, тынчтыкты орнотуп бердик. Аны бүткүл дүйнө көрүп, биздин аракеттерибиз колдоого алынган. Баалай турган убакыт али алдыда.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер