Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эрлан Бекчороев: “Биз оппозициялык чоң блокко айландык”

Эрлан Бекчороев: “Биз оппозициялык чоң блокко айландык”

05-октябрь, 17:51
1 450 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эрлан иним, “Ата Мекен” менен “Туран” партиясы бирикти, кайсы шартта? 

-- “Туран” партиясынын лидерлери камакта. Шайлоого катыша албай калышты. Бирок, тандаган жолдон артка чегинбейбиз. Анткени, көтөргөн маселелер элдин гана кызыкчылыгы. Бийлик биздин катарыбызды кыскарткысы келгени менен күндөн-күнгө көбөйүп жатабыз. Түпкүлүгүндө тилектеш, максатыбыз окшош болгондуктан “Ата Мекен Эгемен” демократиялык коалицияга бириктик.  

-- “Ата Мекендин” көп жылдык тарыхы бар партия. А “Туранга” бир жылга жакындады. Эки партиянын эмне жакындыгы бар? 

-- “Туран” партиясын Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов ж.б. аттуу-баштуулар түптөгөн. Репрессияга тартылгандан кийин партиянын ишмердүүлүгү токтоп калган. Аталган инсандар мамлекеттүүлүк, атамекен үчүн жүрүшүп, өз өмүрлөрүн аяшкан эмес. Биз бир жылдан ашык убакыттан бери ушул партиянын ишин жандантып келе жатабыз. Бул демилгени улантууда чоң жоопкерчилик бар экенин сезип, артка кетенчиктебей, тайманбай, алдыга жылып келүүдөбүз. Бириккен үч партиянын жакындыгы, кошулуу максатыбыз негизги баалуулуктарыбыз окшош жана тилектешпиз!

-- Парламенттик шайлоого оппозициялык маанайда аттанасыздарбы?

-- Оппозиция сөзсүз болуш керек. Куугунтук менен оппозициянын тамырын кыркуу туура эмес кадам. “Түгөнгөн сайын түтөгөн” оппозиция бийликтин мыйзамсыз кадамдарына дайыма каршы турат. Биз оппозициялык чоң блокко айландык.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер