Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Жерибизди талкалап, элибизди өлтүрүп атса да “макулдашалы” деп чуркап жүрөбүз...”

“Жерибизди талкалап, элибизди өлтүрүп атса да “макулдашалы” деп чуркап жүрөбүз...”

27-сентябрь, 09:00
1 125 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Баткендеги кыйроо, оор жоготуулар баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып турат. Сабак алабызбы, мындан аркы кадамдарыбыз кандай болот? Мамлекеттүүлүктү бекемдөө, элибиздин тынчтыгын сактоо жагынан кандай кеңеш берет элеңиз?” 

Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу:

-- Дүйнө эли, анын ичинде аскер коому Кытайдын мурунку стратег башчысы Сунь Цзы айтып келген “жеңиш согуш башталардан мурун болот” деп айтканын эстейт. Ал аз болсо “Манас” эпосундагы аскердик дөөлөт деле ушундай ой-пикирди жаратат. Демек, тажиктер менен куралдуу чекилик кыраакылыкка, даярдыкка, аярлыкка чакырат. Саясат, анын аскердик, коопсуздук эл аралык ишеним толгоолору көзөмөлдөн чыкпастыгы баарыбызга таандык. Тажиктер анклавдарын өз аймагына кошконго ак эткенден так этет, муну билип туруп “барбанбайлыкка” барбаш керек эле, ал тарапка жалпы күзөт режиминде болуу зарыл эле. Ал эми биз кокту-колоттук, кызыл кулактык мамлекетке кылган сезимден, мамиледен кетишибиз керек. Мындагы көрүнүштүн залакасы “байкоосуздан” кол салууга, керек болсо чыккынчылыкка алып келет эмеспи. Өткөн кармашууда биздин жоокерлер ата-бабадан калган эрдигин, тайманбастыгын, өлүмдөн баш тарпай, душмандын мизин майтарып, чек арадан агрессорлорду өткөзгөн жок. Саясат суунун агымындай эле: бирде күркүрөп, бирде жылжып агып, кээде соолуп калгандай. Кандай болбосун саясаттын таразасы элдин бейкутчулугунда, жашоонун жеңилдигинде. 

Айта кетиш керек, Баткенден кийин ата-бабадан калган мурасты колдонуп, кемчиликтерди, келе жаткан коркунучтарды, саясатты аксатып жаткандарды элге таанытып, акыйкат жолу менен ийгиликке жол чабыш керек деген ойдомун. Эч кимди кемсинтким же жамандагым келбейт. Анткени бир үйүрдөгү малдын арасында жаталагы, арык-торугу, көкмээге чалдыккандары кездешет. Адам коомунда да мындай көрүнүштөн арыла элекпиз. Ажобуз айткан сөздөрүнөн чыкпай, элдин, мамлекеттин, куралдуу күчтөрдүн камын көрсөк, бөлөктөрдөн кем болбойт элек.

Мирлан Орозбаев, “Улуу Журт” саясый партиянын лидери:

-- Чек арадагы чыр айрыкча ошол жерде жашагандар үчүн аябай азап алып келди. Үйлөрүн таштап салып башка жакта турганы, алардын мындан ары да “жакшы, тынч жашайбызбы?” деген үмүтүн үзүп турат. Себеби, буга чейин да мындай көрүнүш бир нече жолу кайталанып келбедиби. Демек, мамлекет башында тургандар бул жагымсыз жагдайды кынтыксыз чечпесе, чек арадагы тургундарга, жеке ишкерлерге залакасын тийгизе берет. Анткени карапайым элдин көпчүлүгү ишкерлер менен оокат кылышат. Мамлекетке чоң-чоң акчалар да келбей калышы мүмкүн. Инвесторлордун катыштыгына да тескери жолтоо жаратып атат. Демек, бийлик башында тургандар ири державалардын алакасы менен ушул жагдайдан тез аранын ичинде чыгып кетүүсү керек. Бул нерсени чечсе болот. Анүчүн болгону саясый күчтүү эрк керек!

Алиясбек Алымкулов, Кыргыз Эл Баатыры:

-- Кыргыздын эр жүрөк баатыр уулдары жерибизди сактап, элдин тынчтыгын камсыздап, тирүүлүк үчүн жанын курман кылып, өлкөдөгү кайдыгерликти токтотуп, чечкиндүү кадамдар менен өзгөрүүгө убакыт келип жеткенин далилдеп, тирүүлөргө "милдет" катары тапшырып кетишкенин азыр сезип, ынтымак жана күчтүү биримдик менен ийри отуруп түз кеңешип, биригүүгө келбесек, сабак ала албайбыз жана мындан ары оор кырдаалдар келип чыгышы мүмкүн экенин баарыбыз көрүп жатабыз. Мамлекетибиз бирөө, туубуз жана урааныбыз бир! 

“Бөлүнбө кыргыз бөлүнбө, бөлүнсөң бөрү жеп кетет” деген аталардан калган сөз бар. Элибиз күчтүү жана ынтымактуу, кайдыгер эмес экенин далилдеп койду. Саясатта да бөлүнбөй, күчтүү мамлекет курууга ар бир ишбилги даанышманы, жөнбилги кеменгери, сөзбилги көсөмү, акылманы дайым даяр деп билем. Эл ичи акылга бай. Ар кандай сунуштар айтылып, ар бир жараныбыз кайдыгер карабай, жерибизди сактап калууга даяр экенин билдирип жатышат. Аларды эске албай коюуга болбойт. Ушундай баатыр, акылман, боорукер, ынтымактуу элибизге терең ыраазычылык!

“Арстандарды жок кылсаң, чөөлөргө жем болорсуң” деп бекеринен айтылбаганын, жаап да, жашырып да абийир таппасыбыз анык экенин мойнубузга алып, жерибей, четтетпей, тажрыйбалууларды мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн мүмкүнчүлүгүн пайдалануу – коомубузга бийик абийир алып келет деп ишенем. 

Жерибизде тынчтык, элибизде эсендик болсун!


Эрлан БЕКЧОРОЕВ, жарандык активист:

-- Бул бийлик такта отургандан баштап тажиктер эки жолу согуштук агрессия кылышты. Биз канчалык Рахмонду тепкилегенибиз менен мамлекеттин стабилдүүлүгүнө доо кетип жатат. Президент терең ойлонуп, “достукка доо кетсе да, стабилдүүлүк сакталып калсын” деген принципти карманышы парз. Зыянкеч досторун токтоосуз кызматтан кетирсин, жоопкерчиликке тартсын! Негизинде парламент импичмент маселесин деле көтөрсө болмок. Бирок азыр бул кадам жаңылыштык. Стабилдүүлүк абдан маанилүү. Тажик бийлиги талкалап, өлтүрүп, турак жайларды өрттөп кетсе деле кайра эле “макулдашалы” деп Рахмондун артынан чуркап жүрө беребизби? БУУдагы Садыр Жапаровдун сөзүнөн кийин чечкиндүү кадамдарды тезинен баштап, эл аралык сотко берип, чыгымдарды төлөтүш керек. Негизи согуштук тактиканы алдын алган тажрыйбалуу адамды алып келмейинче, убагында коргонуу маселелери чечилбейт. Жарандык коом мамлекетке, достордун тандеминин оң жолго гана түшүүгө дилгир экенин бул окуя далилдеп берди. Азыр ички эмес сырткы күчтөр менен биригип күрөшчү учур. Президент ушуну так түшүнүүсү керек. Эгер өз билгендерин кыла беришсе, өлкөбүзгө да, өздөрүнө дагы өтө чоң зыян алып келишет.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер