Шакиевдин төрага болушу Бакиев бийлигин бекемдегендей ой жаратат


Жогорку Кеңештин төрагалыгына Нурланбек Шакиевдин шайланышы – акыры барып бийлик үчүн терс таасирин тийгизет. Убактылуу жагынмай, кошоматчылык таризинде көтөрүлүп алды. Аныгында, мамлекеттик деңгээлдеги масштабдуу ой жүгүртүүсү жетишсиз, өзгө-жатка бөлгөн, коктунун деңгээлиндеги “саясатчынын” төргө өтүшүн кандайча жоруйбуз? Убагында Курманбек Бакиевдин пресс-катчысы катары Нурланбек Шакиевдин кандай иштегенин чечмелөөнөн кажети жок. Ортозаар эле. Кандуу режимде буюртма өлтүрүүлөр өкүм сүрүп, үй-бүлөлүк, кландык, авторитардык режимдин күч алышы менен элибиздин башына кара булут айланган. Көп кырсыктар, жоготуулар болгонун билебиз. Бакиевдин бийлиги жамандыктын символу катары сакталып кала бермекчи. Мына ошол кездин жасоолу акыры парламенттин төрүнө чыгып, реванш алды. Жыйынтыгында, КурСалиевичтин ыплас бийлигин бекемдөөдөй ишара жаралып, аң-сезимдүү элибиз сестенип турган чагы.
"Азия Ньюс" гезити











