Бакыт Сейитов: “17 министр менен иштештим, алардын эң кыйындары Мелис Турганбаев менен Улан Ниязбеков болду”


ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси менен маек.
-- Бакыт мырза, ИИМ тармагына качан, кантип келип калдың эле?
-- 1991-жылдын жайында Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктадым. Анан августта СССР чалгы менен чапкандай эле кулады. Сентябрда В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтуна кыргыз тили боюнча мугалим болуп ишке кирдим. Ооба, мен камчы салдырган жокмун, адегенде кыйналдым, анан бара-бара карт карышкыр мугалимдердин да сабактарын өтө баштадым. “Ай, Бакыт, меникин өтүп койчу?” деген күндөр да болор эле. Анан макалаларды мезгилдүү басма сөз каражаттарына жаза баштадым. Ошол күндөрдөгү агайларым Шералы Жапаров, Осмонакун Ибраимов, Сулайман Кайыпов, Үмүт Култаева, айтор, ондогон менден улуу агай-эжейлеримдин мага берген тажрыйбалары азыр да эсимде. Бул институтта бир жыл иштедим. Кетиргиси келишпеди, бирок кетүүгө туура келди. Ыман Досбаев деген курсташым сунуш кылып калды, “Чүй облустук милициясы жаңы ачылыптыр, ошого пресс-катчы керек болуп жатыптыр. Бир-эки киши барган экен, өтпөй калыптыр, барып көрбөйсүңбү” деп. Бардым, өтүп кеттим. Ошентип ички иштер органдарындагы басма сөз кызматындагы жолум 1992-жылдын 16-июнунан башталган.
-- Айтсаң, ИИМди ЖМК бөлүмүн канча жыл жетектеп, канча министр менен иштештиң? Купулуңа толгон кайсы министрди баса белгилегиң келет?
-- ИИМдин басма сөз кызматында үзгүлтүксүз түрдө офицер катары милициянын лейтенантынан полковникке чейинки даражада 29 жылда 17 министр менен түздөн-түз кирип чыгып иштедим. Жаш курагыма байланыштуу отставкага кеттим, бирок, азыркы жетекчиликтин сунушу менен ИИМдин басма сөз кызматындамын.
Эми министрлердин баары эле кыйын да, бирок алардын арасында өзгөчө кыйындары да болгон. Өз иши менен бирге прессанын ишин жогорку деңгээлде туура түшүнгөндөр да жок эмес. Алар Бакирдин Субанбеков, Мыктыбек Абдылдаев, Мурат Суталинов, Өмүрбек Суваналиев, Болот Ногойбаев, Молдомуса Конгантиев, Болот Шер, Кубат Байболов, Мелис Турганбаев, Улан Исраилов, анан азыркы заманбап министр Улан Ниязбеков. Булардын ичинен ИИМдин басма сөз кызматтарынын штатын көбөйтүп, ага техникалык-материалдык колдоо көрсөткөн, биздин иштин татаал жана жоопкерчиликтүү экенин баамдагандардын эң кыйындары Мелис Турганбаев менен Улан Ниязбеков экендигин ачык эле айта алам.
-- ЖМК башчылыгында курьезный абалдар болду (маалымат жагынан калпыстык, туура эмес фамилия, туура эмес чиндер, эски маалымат ж.б.) беле?
-- Не за что наказание алган учурлар болгон. Чиндерин алмаштырып, кээде чоңойтуп, кичине кичирейтип да жазып салчубуз. Анткени, тимеле күйүп бараткансышып шаштырышчу эле, бирок кемчилик кетсе моюнга алчубуз, аны алар да түшүнүшчү. Эсимде, 2011-жыл болсо керек эле, митингдер да күчөп турган маал болчу. Кайсы бир шайлоонун жыйынтыгы менен бир маалымат даярдоого биздин кызматкер даяр материалды эмес, кызматтык ишке пайдаланууга жазылган маалыматты биздин почта аркылуу таратып салыптыр адашып. Ызы-чуу... Айтор, сайттарга айтып түшүндүрүп жарымын алдырдык, айрымдары алган жок. Анткени провокациялык материалдар болчу. Мага катуу жаза берди, барсам министр мени кабыл албай койду, түшүнгүсү келбеди. “Кабыл албасаң алба” деп, кайра экинчи ирет суранып барганым жок, бирок адилетсиздик кылышкан ошондо.
Дагы бир кызык: милициянын күнүнө карата бир министрибиз бизге өзүнүн куттуктоосун берди, биз аны интернет аркылуу таратып жибердик. Тексти күчтүү жана таасирдүү болчу. Эртеси эле министр чакырат, барсам Акүйдөн мен тааныган бир жигит отуруптур. “Окуңузчу” деп мага бир барак сунду. Карасам, В.Путиндин полицияга болгон куттуктоосу анан биздин министрдин куттуктоосу коёндой окшош, айырмасы – Россия, Кыргызстан. Көрсө, ага даярдап берип коюшкан экен, анан аны да алдырып, анын ордуна башка маанилүү материалга алмашууга туура келген, бирок эл окуп койду да...
Кээ бир майрамда ИИМдин “Бетме-бет” гезити аркылуу куттуктап жатып, “ушул алдыга куюлган чөйчөктөгү винону алып жиберели. Майрамыңыздар кут болсун!” дегендер да болгон. “Жолдош министр бул гезит, жанры башкача, сиздики тост болуп калды” десем, моюн толгоп, “муну изюминка деп коёт!” дегенде, “айла жок, бирок ай лавю” болуп кетесиң. Бирок мен чогуу иштешкен министрлердин аркасынан сөз айтып, кийинки келгенине жамандап, ушактаган жокмун. Улам жаңы келгенине “эгер өз кишиңиз бар болсо алыңыз, эч капачылыгым жок. Эгер ишенсеңиз, иштеп берем” дечүмүн. Болгону бир гана министр каяша айтып койсом, меникин калп, өзүнүкүн туура көрдү, алмаштырганга аракет кылды, бирок өзү бир айга жетпей иштен кетти, кеткенде да катуу кетти...
Жүздөгөн басма сөз каражаттарынын улуу-кичүү муундары, ар кыл өкүлдөрү менен ага-ини, эже-карындаш катары иштедим. Иш боюнча талаш-тартыш болсо дагы жеке мамиледе көйгөй болгон жок. Республика боюнча ички иштер башкармалыктарынын басма сөз кызматтарын чыңдоого аздыр-көптүр өз салымымды коштум. Бир чети өтүп кеткен күндөргө таңгалуу менен карап, бир чети жүрөк “тыз” эткен өкүнүүлөр, асыресе, кубанычтуу сезимдерде ушул күнгө да келип жетип, бүгүн учкай ушуларды эстедим.
-- 37 жылдык тарыхы бар ИИМ ЖМКсын башкарган, кумир туткан жетекчиңиз барбы?
-- ИИМдин басма сөз кызматында көптөгөн жетекчилер жана тажрыйбалуу кызматкерлер иштеп кетишкен, азыр да иштеп жатышат. Эми кыйыны бир гана ыраматылык байкебиз Жолдошбек Бузурманкулов болчу. Ал бизди тарбиялады, өстүрдү, мен ал киши менен көп жыл чогуу иштештим. Мага чейин бир топ министр менен иштешкен ошол байкебиз эле. Чынында ал кыйын болчу, кара кулак шер болчу, тайманбаган эр эле, кыйын кезеңдерде далыңдан таптап турган керемет адамдык сапатычы?! А кишинин өпкөсү канча чоң болсо, жүрөгү да андан кем эмес эле...
-- Сенин деле жаш курагың, кызмат мөөнөтүң деле ардактуу эс алууга жакындап калды. Эмне үчүн генерал чинин ыйгарышпайт же сөзсүз эле генералдык кызмат керекпи?
-- Ооба, ардактуу эс алуу убагы келди. Башка жактарга деле чакырыктар болду, бирок биздин азыркы жетекчибиз “калып, иштеп бериңиз” дегенинен иштеп жатам. Жаңы начальник дайындалса, баарын өткөрүп деле берет элем. 29 жыл милициянын ишин чагылдырып, аны коргоп, сактап, интригаларга аралашып, журналисттер менен талашып-тартышып, системанын позициясын кадимкидей коргоп келебиз. Бул иш бир чети ардактуу, бир чети жоопкерчиликтүү. Буттан жыгылып туруп кеткенбиз, сөздөн жыгылып бир топко дейре туралбай калган учурлар да болгон. Эми, Сурат байке, дегеле бизде укук коргоо органдарынын пресс-кызматтарында генерал деген жок (бир гана ИИМге берип койсо деген тилек). Россияда, башка коңшу өлкөлөрдө бар, себеби алардын статустары жогору. Бизде сөзсүз “должность” деген керек, бирок кеп анда деле эмес го. Ар бир кыргызстандыкка стабилдүүлүктөн жогору эч нерсе жок. Сыягы, мен ошол патриоттордун арасындамын деген ойдомун.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











