Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аликбек Жекшенкулов: “Апааттан чыгуунун жолу – тартип менен сабырдуулук!”

Аликбек Жекшенкулов: “Апааттан чыгуунун жолу – тартип менен сабырдуулук!”

21-май, 18:04
2 214 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен маек.

-- Аликбек мырза, 17-майда Москвадан Бишкекке учак учпадыбы. Ал каттамды даярдоодо кээ бир талаш-тартыштар да болгону, “көбүнесе тааныш-билиштер учушту, жүргүнчүлөр негизинен ооругандар эмес эле жаштар экен” деген сөздөр айтылууда. Кандай дейсиз?

-- Ушундай сөздөр айтыларын мен мурун эле сезгем. Тилекке каршы, азыр коомчулукта ар кандай ушак-айыңдар жүрүп атпайбы. Бийлик өкүлдөрүнө, саясатчыларга, дегеле белгилүү инсандарга карата патологиялык ишенбестик болот эмеспи. Андай илдет Москвада деле бар. Кыргызда айтат го, “эл оозунда элек жок” деп. Ошол себептен мен түшүндүрүп берейин. Ошондой кеп-сөздөрдүн алдын алып, атайын коомдук комиссия түзгөнбүз. Ага Москвадагы коомдук уюмдун өкүлдөрү жана аларга жардам бере турган дипломаттар кирген. Мен башында аларды чогултуп, ачык эле айткам, “азыр эл баарыбызды сыноо менен карап турат, арасында ар кандай кишилер бар, ушак-айың чыкпашы үчүн таза иштегиле, калыс болгула. Тизме так болсун, биринчи кезекте катуу оорулуулар, кош бойлуулар жана башка жүйөлүү себептери барлар учсун” дегем. Баары эле макул болушкан. Алар тизменин үстүндө үч күн иштешти. Мен аралашкан жокмун. Коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө бийликти бердим, төрагасы ошол жактагы Асел  Лобаева деген так жүргөн активист айым, жооптуу катчысы Орозалиев аттуу жигит болду. Аягында “кандай болуп атат?” деп сурасам, “баары жайында, камсанабаңыз” дешти. 

-- Аягында кайсы бир деңгээлдеги каралоого калдыңыздар...

-- Макул, элдин баары эле чиновниктерге ишенбейт дейли, бирок, өз ыктыяры менен келип, “жардам берели” деген активисттерге кантип ишенбесин? “Тизме төрт багытта: биринчиси катуу ооругандарды, кош бойлууларды; экинчиси, колл-борбордон түшкөн арыздар боюнча; үчүнчүсү, диаспоралардын лидерлери берген өтө муктаж категориядагы кишилерден түзүлдү жана хостелдерде жаткан жарандар кошулду” дешти. Менин билишимче, башкалар кошулган жок. Эч кимди актагым келбейт, бирок, кимдер кемчилик кетирген болсо баарын ашкерелейбиз. Негизи комиссиянын ниети, аракети жакшы болду. Бирок, 402 жүргүнчүнүн кимиси чындап ооруп, кимиси жасалма справка менен келгенин кантип көзөмөлдөйт, туурабы? “Оорулуу” деген справкасы болсо, кайра текшермек беле? Акыл-эси жайында киши өзүн “мен оорукчанмын” деп айтпайт да. Бирок, кийин карасак, ошентип айткандар да болгон көрүнөт. Бул жерде дагы бир нерсени белгилеп коюш керек, видеону самолет толо электе, уча электе эле көрсөтүп атышпайбы. Же карасанатайлык менен атайын жаштар отурган жерлерди көрсөтүштү... Бирок, биз чын ниетибиз жана чын дилибиз менен адилеттүү караганга аракет кылдык. Керек болсо кээ бир депутаттар, министрлер телефон чалганда “жок, киргизе албайм, коомдук комиссия чечет” деп койгом. 

-- “Жакындарымды киргиз” деп суранып атышты да?..

-- Ооба. Эми элестетип көрсөңөр, бизге рак менен ооруган, бөйрөгүнөн, жүрөгүнөн операция болгон, боюнда бар ж.б. бир жарым миңге жакын кишиден арыз түштү. Анан алардын азы эле учса, албетте, калганы нааразы болот да. Же учакты чоё албасаң. Окурмандар билет болуш керек, мурун Москвадан Бишкекке, Бишкектен Москвага 200 орундуу эле учак уччу. Мен демилге көтөрүп, Россиянын бийлигине жана биздин жетекчиликке улам чыгып атып, “400 орундук самолет бергиле” деп сурангам. Рахмат аларга, беришти. Ошондо дагы бизди жаманатты кылганга аракет кылышууда. Бирок, биз түшүнүү жана сабардуулук менен эчтекеге карабай, эл үчүн, кыргыз мамлекетинин аброюн өйдө көтөрүү максатында иштеп жатабыз. Президент Сооронбай Шарипович күндө абалыбызды сурап, көзөмөлдөп турат...

-- Россияда ооругандардан башка жумушсуз калган, акча төлөй албай батирлеринен чыгып калган мекендештерибиз да көп эмеспи. Алардын муктаждыктары кантип чечилүүдө?

-- Москва шаары менен Москва облусунда 650 миңге жакын кыргызстандыктар иштеп жатышат. Башкача айтканда, бир миллион мигранттын жарымынан көбү ошол жакта. Анан жанагындай пандемия башталганда эле биз аларга “азыр бүт дүйнөдө ушундай ылаң жүрүп атат, чыдагыла, сабыр кылгыла, тартипти сактоо керек. Кыргызстанга баргандан көрө бул жакта чыдасаңар, Россиянын экономикасы алда канча күчтүү, резервдери бар, бюджети профициттүү, пандемия бүтсө кайра эле жумуш орундары ачылат” деп айтканбыз. Мен Россияда иштеп жаткандарга ыраазымын, анткени басымдуу көпчүлүгү сабырдуу кишилер. Алар чыдашты, дагы деле чыдап отурушат. Бир тобу бүгүнкү күндө кайра иштей башташты. Коронавирус күчөп аткан мезгилде дагы Россияда 1500-2000 бош орундар бар болчу. Бирок, Москва жана Москва облусунда эмес, алысыраак региондордо. А биздин жаштардын көбүнчөсү андай жакка баргысы келбейт, ал жакта түнкү клубдары жок, Москвада жүргүсү келишет..

-- Эң башкысы, көчөдө калбагандарына көзүбүз жетеби?..

-- Биз квартирасы жок калгандардын баарына жардам бергенге жетише алган жокпуз, хостелдерди (бир бөлмөгө 6-8-10 керебет коюлган жатаканалар) берип, тамак-аш жеткирип аттык. 17-мартта биздин жарандарга жардам берүү максатында элчиликтин астында штаб уюштурганбыз. Ага элчиликте иштегендер, диаспоралардын лидерлери жана ИИМдин, миграция кызматынын Россиядагы өкүлдөрү киришип, чогуу иштеп жатабыз. 24 саат иш кылган колл-борбор ачылды. Бизге кайрылгандардын көптүгүнөн, албетте, кээ бир мүчүлүштүктөр кетти. “Байланыша албай жатабыз” деп нааразы болгондор болду. Вотсап менен чалганда параллель кете берет турбайбы. Эч ким жооп бербегендей болуп калат экен. Аэропортторго, биздин жарандар кыйынчылыкка кабылган жерлерге, мейманканаларга, коронавирус менен ооруп көчөгө чыга албай калгандарга азык-түлүк жеткирип аттык. Орус бийлигине рахмат, биздин мигранттарга бизден сырткары жакшы жардам берип жатышат. Азык-түлүк жана башка жагынан. 

-- Өткөн жумада эле элчиликтин жанына барып сөгүнгөн кишилерди да соцтүйүндөрдөн көрүп калдык. Ошондой агрессивдүү маанай менен келгендер токтодубу?

-- Эми адамдардын ой жүгүртүүсү, тарбиясы, билими, маданияты ар кандай деңгээлде да. Кээде социалдык түйүндөргө “элчиликке барсаңар, бекер учуп кетет экенсиңер” деген ушак-айыңдар айтылып, жөн эле жазып жатышты. Анан алар чуулдап келишет. Сиз айткан ошол күнү кээ бирлерди спортсмен сымал балдар ташып келип атышты. Соцтүйүндөргө “аларга карата күч колдонулду” деп жазып атышпадыбы, бирок, андай нерсе болгон жок. Өтө аша чаап, радикалдуу чакырыктарды жасагандарды полиция кызматкерлери акырын жетелеп барып, сөз менен түшүндүрүп, кайра коё берип атышты. Элчиликти кайтаруу – бул Россия бийлигинин милдети. Элчиликтин эшиги тынч күндөрү да коопсуздукка байланыштуу жабык болот, өзгөчө тартиптеги дипломатиялык объект, жөн эле-кирип чыгуу мүмкүн эмес. Туура түшүнүш керек, элчилик базар эмес да. Бизге ал күнү 250дөй киши келди. Жогоруда айткандай, кимдир бирөөлөр соцтүйүнгө “элчиликке барсаңар бекер билет берет” деп жалган маалымат таратып ийиптир. Биздин кызматкерлер чыгып атышты. Кээ бирөөлөрүн өзүм да чакырып сүйлөшүп аттым. Коронавирустун шартындагы тартип боюнча үч кишиден көп чогулбаш керек. А биздикилер болсо топтошуп келишти. Ачыгын айтайын, “мекендештерибизге жардам беребиз, колдоо көрсөтөбүз” деп жүрүшүп, элчиликтин, ИИМдин, миграция кызматынын өкүлчүлүгүндө иштеген балдарыбыз ооруп калышты. Башыбызды сайып коюп, ден соолукту эске албай, тобокелдикке барып, элди аралап жүрдүк, азыр да аралап жүрөбүз. Кудайга шүгүр, сыркоологондор жаш болгондуктан, ооруну жеңил көтөрүштү. 

-- “Бишкекке учабыз” деген мигранттар дале көп го?

-- Бул жерде эки маселе турат: Россиядан баргандар элге оору жуктурбашы үчүн текшерилип, обсервациядан өтүүгө тийиш. Алардын баарына орун канчалык жетишет? Бул бир маселе. Экинчиден, Россиянын асманы бүгүн жабык. Самолеттор регулярдуу учпайт. Ошон үчүн биз ар бир рейсти тышкы иштер министрлиги, Роспотребнадзор, Росавиация жана өкмөттүн штабы менен сүйлөшүп чечебиз. Кээ бирөөлөр “тияк-быякка чалып чечтим” деп мактанып атпайбы, андай мүмкүн эмес. Анткени, Россияда да коронавирус күчөп аткан мезгил, бул жактагы эл дагы өзүнүн коопсуздугун, ден соолугун ойлойт. Анан айрымдар аны түшүнбөй эле бизди күнөөлөй беришет, учакты биз учурбай коюп аткансып. Тилекке каршы, бүт дүйнө ушундай апаатка кабылбадыбы. Эң күчтүү мамлекеттер, мисалы, АКШ, Европа өлкөлөрү кандай абалга тушукту? Канча киши каза болду? Ошону түшүнүш керек да. Бул илдетти эң тез жеңген өлкөлөр Кытай, Сингапур жана Япония болду. КантипТартип жана сабырдуулук менен. Биз да мына ушул сапаттарыбызды көрсөтө алсак, мен ишенем, кыйынчылыктан тез эле чыгып кетебиз. Болбосо, өтө татаал процесстер болуп кетиши мүмкүн. Бизде эле эмес, бүт дүйнө жүзүндө. 

-- Өзүңүз айткандай, Москва шаары менен Москва облусунда эле 650 миң кыргыз бар экен. Бирок, 20 миңдей кыргыз жашаган Бириккен Араб эмираттарына тышкы иштер министрлиги 5 млн. сом, ал эми сиздерге 4 эле млн. сом бөлүптүр?

-- Эми аны тышкы иштер министрлигинен сурасаңыз, мен билбейт экенмин. Буюрса, каражат маселеси четинен чечилип жатат

-- Азыркы учурда Россияда коронавируска чалдыккан мигранттардын   саны канча?

-- Биз улам-улам расмий сурап жатабыз, сонку расмий маалымат 101 киши (!) деп, алдык. Бирок, реалдуу саны андан көбүрөөк, 2-3 эсе көбүрөөк болушу мүмкүн. Так санды айта албай жатканыбыздын себеби, ооруканаларда коронавирусту улутка бөлбөйт экен

-- Оренбургда кыргыздар чатырларда жатканы боюнча интернет айдыңында түрдүү жоромолдор айтылды...

-- Тилекке каршы, кээ бир коомдук ишмерлер “мен тияк менен сүйлөштүм, маселе чечтим” деп элди үгүттөп, дүрбөтүп салды, биздин эл ишенчээк да, анан барып алып атпайбы. Самара облусу менен Оренбург облусунун ортосунда Бузулук району бар. Ошол жерде беш жүзгө жакын биздин жарандар чатырларда жатышат. Ишенчээктигинен алар жалган үгүткө кабылышып, кыйналышты да. “Биз бул жерден кетпейбиз” дегендерге Оренбург облусунун жетекчилиги менен сүйлөшүп, чатырларды тиктирип, тамак-ашын чечип бердик. 

-- Россияда миллиондон ашык мигрант жашаганына карабастан, сиздерде 25 эле дипломат иштейт экен. Элдин санына жараша алардын штатын көбөйтсө болбойбу?

-- Мен келгенден бери жакшы эле күчтөндүргөнгө аракет кылдык. Тышкы иштер министрлигине көп сунуштарды бердик. Тилекке каршы, бюджеттин тартыштыгына байланыштуу көп маселелер чечилбей турат. Штатты көбөйтүп, региондордо элчиликтин өкүлдөрүн ачыш керек. Бул жерде бир маселе бар, дипломатиялык кызмат боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү кажет. Москвада, Кыргызстанда “мен дипломат болом” деген мыкты улан-кыздарыбыз бар. Бирок, аларды элчиликке кызматка ала албайбыз. Себеби, “сөзсүз ТИМде эки жыл иштеши керек” деген жобону киргизип коюптур. Адамдын сапаттары кыйынчылык мезгилде оркоюп чыгып калат эмеспи. ТИМдеги кадр көйгөйү да оор учурда өзгөчө көрүнүп калды. Ошон үчүн мыйзамды өзгөртүү керек. Максат – кадрларды алмаштыруу эмес, заманга ылайык системаны жаңыртуу жана реформалоо. 

-- Сиздин божомолуңуз кандай, Москвада пандемия дагы канчага созулат?

-- Кээ бир адистердин айтымында, карантин 15-июнга чейин уланышы мүмкүн. Июндун башында акырындап жеңилдиктер бериле баштайт болуш керек. Ошондуктан, мен кыргызстандык жаштардын ата-энелерине, бир туугандарына айтат элем, балдарыңарга, бир туугандарыңарга кеңеш берсеңер. Кыргызстанга баргандан көрө Россияда иштеп жүрө беришсин. Буюрса, бул жакта абал тез эле оңолуп кетет. “Иштейм” дегендерге иш табылат, жумуш орундары жок эмес, болгону жата бербей издениш керек


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер