Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Карыган кайненемди таштап кеткенге жүрөк даабайт

Карыган кайненемди таштап кеткенге жүрөк даабайт

05-октябрь, 19:30
633 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баары оңойдой сезилгени менен турмуш куруу, баардык кыйынчылыктарга чыдап жашоо кечирүү оор эле экен. Эки уулдуу болдук. Турмуш ойдогудай көрүнөт. Бирок жетишпестик биздин тагдырыбызды талкалады. Жарытылуу жумуш таппай, күйөөм Россиялап кеткенине эки жылдай болду. Кайненем, балдарым менен турмуш жүгүн көтөрүп, жашап келем. Бирок күйөөмдө жашоого деген умтулуу жок. Жарыбаган тыйын салып, калганы өзүнүн эле жеп-ичкенинен артпайт. Басып кетейин десем карыган кайненемди жалгыз таштаганга жүрөгүм даабайт. Чыдап жашай берүүдөн кыйналып кеттим, а күйөөм үчүн баары бир сымал. Менин бар-жогум да баш оорутпаган сыңарындай. Айтор, ара жолдо жашап келем. Эртеңим кандай болору белгисиз...


Элиза 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер