Акыркы кабарлар
» Саясат » Шабданбеков келечекте милициянын “таш булчуң” оперлерине кор болуп калбайбы?
Шабданбеков келечекте милициянын “таш булчуң” оперлерине кор болуп калбайбы?
19-апрель, 16:49


УКМК жасоолдору Жалал-Абад ОИИБ орун басарын, Сокулук РИИБнин үч оперин, Ленин РИИБнин тергөөчүсүн камакка алышты. Жакынкы эле күндөрдө. “Жыргаганыман жылкычы болуптурмунбу?” деген икая бар. Анын сыңарындай, милициядагы намыстуу оперлер копшолушуп, УКМКнын кызматкерлерин кармоого далалат кылышууда. Бирок буларга уруксат бербей атпайбы, колу-буттарын тушап салышып... Чыныгы оперлер күйүп атышат да, “бизге мүмкүнчүлүк берсе, мажорлорду быркыратып салабыз” дешип.
УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков эски жолду улантып, камакка алууну күчөттү. Келечекте милициянын “таш булчуң” оперлеринин колуна түшүп калсачы? Алар ызырынып жатышат...











