Шайлоо босогосун 5%га ылдыйлатуу мыйзам долбоору ишке ашабы?
19-майда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети шайлоо босогосу тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоого киришти. Каралып жаткан мыйзам долбоорунда шайлоо босогосун 9 пайыздан 5 пайызга ылдыйлатуу сунушталган. Долбоорду депутаттар Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешов иштеп чыккан.
Эскерте кетсек, буга чейин депутаттар шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга төмөндөтүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдошкон. Бирок чекти жети эмес, беш пайызга түшүрүүнү сунуштаган дагы бир долбоордун демилгечилеринин бири Исхак Масалиев «биз бул мыйзам долбоорун 6-декабрда бергенбиз, сиз аны 20 күндөн кийин гана тийиштүү комитетке жөнөттүңүз. Ал эми жети пайызга түшүрүү тууралуу мыйзам долбоорун сиз үч күндө комитетке жибердиңиз. Эмне үчүн андай эки башка мамиле жасалды?» деп спикерди сынга алган. Эки мыйзамды бириктирип кароо тууралуу сунуш да өтпөй калганына нааразы болушкан.