Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Диктор Шаршееванын кандидаттык ишин академик Акматалиев жазып берди беле?..

Диктор Шаршееванын кандидаттык ишин академик Акматалиев жазып берди беле?..

02-ноябрь, 20:39
1 393 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Азия Ньюс” гезити буга чейин “Абдылдажан Акматалиев министр Каныбек Исаков менен “тележылдыз” Гүлжан Кулмамбетованын илимий иштерин жазып берди беле?” деген маанайда суроо салган. Академик Акматалиев кара-көк болуп чыңалып, Исаковду жогорку деңгээлдеги илимпоздорго салыштырып, докторлугун өзү жазганын жобурап, “жанын жегенин” окугансыңарбы? Ал эми Кулмамбетова (илимдин кандидаты) боюнча “кыңк” деген эмес. Экөө тең “окумуштуу” катары шек жаратып атышса, анан иликтейсиң да, туурабы?..

Дагы бир жагдай, эмесе суроо салалы. Маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиевдин жубайы, айтылуу диктор Кыял Шаршееванын да кандидаттык диссертациясын Абдылдажан Акматалиев жазып берди беле? Тактап койбойлубу? Кыял айымдын жетекчиси Акматалиев болсо, кандидаттык ишин өзү коргосо, анда неге “чыйырын” улантпады? Эмне үчүн алгылыктуу китептерди чыгарып, кыргыз филологиясына салым кошкон жок? Кызыгы, буларга мындай наамдар өздөрүн тааныштырууда, маселен, интервью бергенде, же тойлордо жарнама кылганга гана керекпи? Эгерде базардагы соода сымал илимий дипломдор сатылып атса, бул тармакта кайдагы өнүгүү болмок эле?..

Кыскасы, биз суроо салдык. Жогорудагы тийешелүү адамдар жооп бере алышабы? Күтөлү. Себеби, принципиалдуу маселе да...

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер