Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Текебаевге жагынып сүйлөгөн жарашпайт экен

Текебаевге жагынып сүйлөгөн жарашпайт экен

03-октябрь, 21:27
695 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Убакыттын өтүшү адамдарды ар кандай таризде өзгөртөт тура. Көпчүлүгү кетирген катачылыктары менен иштеп, оңолууга кадам таштайт. Жаңылуу, мүдүрүлүү идиректүүгө сабак катары сунулуп, жаңы жашоонун эшигин ачууга өбөлгө түзөрү шексиз. Ошол эле кезде кейиштүү көрүнүштөр да бар. Азырынча бирөөсүнө гана токтололу. 

Акыркы кездерде Кыргызстандын Германиядагы толук ыйгарымдуу элчиси Өмүрбек Текебаев ар кандай темаларда пост жазып, саясый кубулуштарга карата маек берип, активдешүүсүн көрсөтүүдө. Бирок коомчулук экс-оппозиционердин ташка тамга баскандай чындыкты айтканына, калыстыктан тайбаганына көнүп калган эмеспи. Текебаевдин жашоо стили, өмүрүнүн мазмуну агымга каршы сүзүү эле. Анын тайманбаган эр мүнөздүүлүгү эсибизде чегерилип калганын тана албайбыз. Тилекке каршы, бийлик төбөлдөрүнө карата жылуу маанайын билдиргени, жагынып сүйлөгөнү көпчүлүккө өөн учурады. Эч ким күтпөсө керек. Мындай образ ага жарашпайт экен. Аныгында туруктуу, күчтүү персонанын облиги тепсендиде калдыбы? Өмүр бою жыйнаган аброюн жеңил-желпи сөздөр, майда кызыкчылыктар менен жууп салгандай ишарат кылууда. Реалдуулуктан тайып кеттиби? “Дос күйдүрүп, душман сүйдүрүп айтат” демекчи, акыл салганга убакыт келди окшойт. Карылыктын кайышуусуна баш ийбей, түз жолду тандаганга эми да кеч эместир... Кайран Өмүке!


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер