Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тажеңемдин колунда күңдөй жашадым, күйөөгө тийсем багым ачылабы?

Тажеңемдин колунда күңдөй жашадым, күйөөгө тийсем багым ачылабы?

23-январь, 13:50
3 931 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

17 жаштамын. Ата-энемен эрте ажырагам. Тайкем менен тажеңемдин колунда калдым. Кыздары жок, баары эркек. Эң улуу баласы мени 15 жашымда зордуктаган. Үйдөгүлөргө чындыкты айттым, ишенишпейт, кайра мени сабады тайжеңем. Бул үйдө эч ким адам катары көрбөйт, элден калган тамакты да ыраа кылбайт. Мектепке бир күн барсам, 3 күн барбайм. Быйыл мектепти бүтөм. Жогорку окуу жайга да тапшыра албайм. Мындан ары жашоом кандай болот, кандай эркек алат? Ушундан корком. Ушуга чейин кулдай жашадым, мындан ары кандай болот, эмне кылсам болот? Катасыз жаза да албайм, курбу кызым эле түшүнөт. “Күйөөгө тийип кетейин” десем кыз эмесмин, “тийбей эле коёюн” десем, ушул  күндөрүмдү улантып жашагым келбейт, эмне кылсам болот?


Мунара

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер