Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жарыкчылыкка жаралганыма өтө өкүнүп кетем...

Жарыкчылыкка жаралганыма өтө өкүнүп кетем...

10-май, 12:31
992 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кээде бул жарыкчылыкка жаралганыма өтө өкүнүп кетем. Бул жарыкчылык мага эле муктаж болгонсуп, эмнеге жаралдым экен?.. Эх! Турмуштун туңгуюк жолунан тажадым...

Туулгандан келе жаткан көйгөйлөрүмдүн баарын айтып, арыздангым келбейт. Болгону, бул дүйнөдөн кетким келип жатат... Кудайдан өз өлүмүмдү тилеп сурансам да, жалынсам да ажал периштеси эшик кагып кирбеди. Же Кудай да мени ушунчалык жек көрөбү, билбейм?.. Баарын таштап, алыстарга кетким келет. Бирок, эмнегедир буга эрким жетпейт.

Кеңеш бериңиздерчи, кантип жашоомду өзгөртө алам? Бир нерсе баштасам эле аягы жаман бүтөт. Жакшы эле кылайын дейм, аягында күнөөнүн баары менде болуп, күнөөкөр болуп калам. Болбосо, ким бирөөгө такыр арам оюм жок. Эмне кылам? Кантип жашайм?


AibekNur.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер