Карагылачы? Чүй ОИИБден үлгү алууга мезгил келди!


Мына, милицияга жан кирди! Чүй ОИИБ башка облус жетекчиликтерине караганда алгылыктуу иштей баштаганына күбө болуудабыз. Соңку күндөрү резонанстуу эки кылмыштын бетин ачышты. Биринчиси, Токмокто тогуз жыл мурун өлтүрүлгөн эки адамдын сөөгүн казып чыгышып, издөөдө жүргөн эки канкорду кармашып, камакка алышты. Республиканын алкагынан алганда, мындай үрөй учурган иштер сейрек гана учурайт эмеспи. Экинчиси, “Карышкыр” каймана атындагы криминалдык авторитетти уюшкан тобу менен кармаганга жетишишти. Адам өлтүрүүнүн бетин ачышып... Албетте, алкоого аларлык көрүнүш. Ал эми күнүмдүк кылмыштар, коопсуздукту камсыздоо жагынан Чүй ОИИБ камчы салдырбай калды. Сенсацияларды багындырып жаткан жагдайда жөнсалды иштер өз ыргагына түшөт тура. Себеби, кадрлар туура тандалганы, чыныгы кесипкөй адистер күн-түн дебей тер төгүп жатышса үзүрү көрүнөт турбайбы. Оңой бекен?
"Азия Ньюс" гезити











