Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Өкмөтүбүз шалаакы, а элибиз болсо тоңмоюн!”

“Өкмөтүбүз шалаакы, а элибиз болсо тоңмоюн!”

21-август, 19:51
748 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өкмөт башчы Боронов той-аштарды токтотуп турууну суранды. Азырынча пандемия соңуна чыга элек. Бирок, бизде той-аш өткөрүү, куран окутуу болуп эле жатат. Күзгө карай эми да күчөйт. Кайрадан вирустун жайылышына негиз түзүлбөйбү?” деп сурамжылоо кылып көрдүк. “Керкисинде да, кемигинде да бар” дегендей, тилекке каршы, өкмөтүбүз чабал, элибиз да кенебейт экен. Башыбызга мүшкүл иш түшүп турат. Бул жөнүндө терең ойлонууга убакыт келгенин эксперттер коңгуроо какты.

Бердибек Жамгырчиев, акын:

-- Биздин өкмөттүн кылган иштерине кээде күлкүң келет. Мисалы, азыр маршруттук таксилерди, автобустарды саат 11:00дөн 14:00гө чейин үч саат токтотуп коюп жатышат. Бул эмне, элди шылдыңдообу? Мында кандай логика жатат? Таңкаласың. Чайкана жана башканын баары иштеп, анан тойканадан оору жугат бекен? Кыскасын айтканда, өкмөттүн мындай иренжиткен чечимдери элдин кыжырын огобетер келтирүүдө. Жалпысынан айтсам, вирус элди бир сыйра каптап өттү, эми эл да иштеш керек. “Экинчи толкун” деп отура беребизби, эртеңки жашоо да бар эмеспи?.. Кафе-ресторанда иштеп, канча миңдеген жарандарыбыз жан багат? Ошондуктан эми баардыгын ачып, кадимки жашообуз менен жашашыбыз керек деп ойлойм! Өкмөт карантин кылчу маалда кылбай, кылбачу маалда кылып, бир топ шалаакылыктарды кетиришти.

Эшенкул Барпиев, тамада:

-- Мен өкмөттүн позициясына түшүнбөй атам. Себеби, бир гана кинотеатр менен тойканалар жабык. Калганынын баарын ачып таштады. Кечээ эле Ысык-Көлдөн келдим. Элдин баары ошол жакта жүрөт. 100-200 кишиден кийин бир беткапчанды көрсө болот. Маршруткада 25тей адам тыгылып келдик. Байбичем экөөбүздө гана беткап, калганынан беткап көрбөдүм. Базарлар күнү-түнү иштеп атат. Көчөдө көзөмөл жок. Түшүнбөй турам... Эмне, вирус тойканадан эле жугабы? Логикасы кайда? Парадокс! Жабабы, толук жапсын, ансыз да карантинде 60 күн отуруп бердик. Улуттун ден соолугу үчүн дагы жапса, дагы отуруп беребиз. Жаппайбы, толук ачып ташта. Өкмөт тойканага 50 кишиге уруксат берген. Андан ашкандарына айып салып атат. Тойкана-ресторанда бир эле ырчы менен тамадалар оокат кылып аткан жок. Ресторандын ээси, андагы иштеп аткан жумушчу персоналдар, эң жөнөкөйүндө 20 киши, ал эми чоң тойканада 100 киши айлык алып үй-бүлөсүн бакчу. Ушунун баары токтоду. Эң кызыгы, көчөлөрдөн, базарлардан, маршруткадан вирус жукпайт экен да, тойканалардан эле жугат имиш. Ушул боюнча өзүмдүн соцтармактагы баракчама бир сүйлөм менен жазып койдум. Комментарийлери да кызык: “тойканаларга уруксат бербегени – вальс бийлегенде жана микрофон талашканда жугат” дептир. Айта берсе сөз көп. Кыскасы, бул вирус эмес, чоң вирус бул – шайлоо. Анын шайтан оюндары менен же элди кырып алабыз, же дагы бир нерсеси болот. Азырынча көзү ачыктык кыла албайм. Бирок, оору бар экени анык. 

Алтынай Өмүрбекова, экс-вице-премьер:

-- Бул апаатты толугу менен жеңиш үчүн биринчи ирет тартипти темирдей сактаганыбыз оң. Эсиңизде болсо, Кытайдын Ухань шаарында кыйын акыбал болгондо, ошол эле Япония, Корея мамлекеттериндеги элдер өтө тартиптүүлүгүн көрсөтүшүп, өкмөттүн айткан-дегендерин так аткарышты. Ошол себептен жайылуу маселеси курч абалда болгон жок. Биз да июль айындагы оор жагдайды эсибизден чыгарбай, бүгүн да толук бул апаатты жеңдик (!) дебестен, өкмөттүн ар бир кайрылууларын көңүлдөн чыгарбашыбыз абзел. Өкмөт “бул илдет кайталанышы мүмкүн” деп эскертип атат. Алдыда көптөгөн саясый иш-чаралар турат. Элибиз беткап тагынып, социалдык аралыкты сактап, көп сандаган той-топурларды өткөрбөй жана эл көп чогулган жерлерге баруудан баш тартса, толук кандуу бул илдетти жеңүүгө кадам таштаган болобуз. Дагы бир жолу айтам, тартип жана сактык!   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер