Максат Сабиров: “Мандатымды тапшырып, Америкадагы балдарыма кетип атам”

24-февраль күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты мандатын тапшырды. Эч бир саясый маселе эмес, жаштарга орун берүү максатын көздөгөнүн айтты.
-- Максат мырза, бүгүнкү жыйында өзүңдүн депутаттык мандатыңды тапшырдың. Себеби барбы?
-- Бул жерде эч бир саясый мотив жок. Болгону, артыбызда өсүп келаткан жаштарга орун берүүнү ойлодум. Акыл деген тоңдук жигитке тапшырып бердим. Бир канча жылдар бою эл өкүлү болуп иштедик. Эл үчүн ак кызматымды кылдым. Эми жаштар иштешсин.
-- Мындан кийинки саясый карьераң кандай болмокчу? Келаткан парламенттик шайлоого барасыңбы?
-- Азырынча карьера жана парламенттик шайлоо жөнүндө ойлонгон жокмун. Анын баарын убакыт көргөзөт. Март айы толугу менен Америкадагы балдарыма барып, эс алып келүүгө камынып, 25-февралга билет алып койгом. Аманчылык болсо марттын аягы менен мекениме кайтып келем.
-- “Балдарым” дегениңе караганда, канчоосу Америкада?
-- Биринчи байбичемден эки уул, эки кыз жана жети неберем ошол жакта, Калифорния, Филадельфия, Майамиде.
-- Бул жагы түшүнүктүү болду. Ошентсе да депутаттык мандатты тапшырардан мурда Конституция парламентке келген эле. Кандайдыр бир оркойгон катачылык же силердин “Республика – Ата-Журт” фракциясынын сунуштары эске алыныптырбы?
-- Негизи биздин фракция сунуштарыбызды бергенбиз. “Прокуратураны, БШКны жана эсептөө палатасын парламент шайласын, тең укуктуулук болсун” деп. Ошолордун ичинен БШКны, эсептөө палатасын колдошту да, прокуратураны президент шайламай болду. Бу жагы бир аз туура эмес болуп калгансыды...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити