Бабанов курч кайрылуу жасап, 100 миң добушту “Республикага” оодарабы?
Шайлоого жакын Өмүрбек Бабановдун баш көтөрө турганын жазып келгенбиз. Жаңылбадык. Ал саясый иш-чараларга катышып, атургай, “Республика” партиясынын штабынан Руслан Казакбаев менен кучакташып сүрөткө түштү.
Мындан да кызыгы, аз күндө Бабанов курч кайрылуу жасап, 50-100 миңдей элдин катмарын оодарып кетүү үчүн билек түрөт экен. Үзөңгүлөшү Туйгунаалы Абдраимов дух берип, катуу “дем салыптыр”. Натыйжада, Бабанов коркпой калганы каңкууланды. Шайлоого карай чукул билдирүү жасап, саясатчы катары эр жүрөктүүлүгүн көрсөтөрүнө ишене туралы. Каржылык жагынан да “Республиканы” кампайтса, анда эле аламанда командасы суурулуп чыгары шексиз. Алдыда президенттик такты үчүн да күрөш башталат. Азырынча Бабановго туруштук бере турган фигура жок. Эмесе, даярдыкты эмитен баштайт го...