Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Азыркы мектептер деструктивдик борборлорго айланып калганы өкүнүчтүү”

“Азыркы мектептер деструктивдик борборлорго айланып калганы өкүнүчтүү”

13-февраль, 19:29
1 665 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жал кичирайонунда жайгашкан А.Сыдыков атындагы №72 орто билим берүү мектебинин ажатканасында 15 жашар өспүрүм Айтбаев Аннасты чоң класстын балдары ур-токмокко алышып, ал эсине келбей каза болду. Бул окуянын жоопкерчилиги кандай каралышы керек? 

Каныбек Осмоналиев, профессор:

-- Албетте, ата-эненин тарбиялык милдети керек жана өтө зарыл. Бирок, баланын коомдун татыктуу мүчөсү болуусуна так ушул мектеп чечүүчү ролду ойнойт. Бизде болсо окуучунун тарбиясын моюнга алууну эки тарап тең бири-бирине түртө салуу адаты жылдан-жылга күчөп баратат. Өспүрүмдү гармониялуу тарбиялоонун апогейине советтик билим берүү системасы жеткен экен. Азыркы мектептер деструктивдик борборлорго айланып калганы мени катуу өкүндүрөт. Бул системаны түп-тамыры менен чукул арада өзгөртүүбүз зарыл. Антпесек, азыркы чиновниктер псевдореформалар менен алпурушуп, өздөрүнүн милдеттерин такыр унутушту. 

Манас Осмон, журналист:

-- “Бул мектептин жетекчилиги жоопко тартылышы керек деп кесе айтууга эрте. Учурда баардык эле мектептерде ушундай көрүнүштөр бар. Мугалимдердин алы жетпеген, сабак окубаган, баарын какшаткан окуучулар абдан көп. 

Эми окуя боюнча айтсам, ошол аймакка жооптуу милиция кызматкери бейбаш балдар менен иш алып барганы, мектепте ата-энелердин катышуусунда жыйындар болуп-болбогону күмөн. Мындай жагдайлардын негизинде териштирүү иштери жүргүзүлүп, бейбаш балдар камалышы керек. Ал эми мектеп жетекчилигине административдик жаза каралат деп ойлойм.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер