Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жоомарт Сапарбаевдин эмгегине Курманбек Дыйканбаев ээ боло береби?

Жоомарт Сапарбаевдин эмгегине Курманбек Дыйканбаев ээ боло береби?

04-октябрь, 20:40
1 052 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түп районундагы Талды-Суу айылынын тургундарынын өтүнүч кайрылуусу менен элдин өкүлү катары Сапарбаев Жоомарт Рахатович маданият үйүнүн жоктугун айтып, өкмөткө кайрылып, каражат бөлүүнү суранып жүрдү. Ошол учурда “Азия Ньюс” гезити аркылуу элдин атынан кат да жолдогонбуз. Гезит жамааты “Уркаш Мамбеталиевдин айылына маданият үйү курулбай жатат” деп макала жарыялады. Бул үчүн гезиттин редакторуна жана жамаатына ыраазычылык билдирип, рахмат айтабыз!

Бул маселе 2018-жылы бюджетке киргенин угуп калдык. Ал убакта Жекшеев деген жигит айыл өкмөтү болсо керек. Жоомарт эки жолку чакырылыштын депутаты болуп, экинчисинде төрт ай иштеп, өз каалоосу менен мандатын тапшырганына өкүнүп калганбыз. Көрсө, “чимкирик” болгусу келбептир. 

Бакиевдин убагында, студент кезинде чычкандай балдар-кыздардын камалып, көрбөгөндү көргөндөрүн билебиз да. Алардын арасында Жоомарт Сапарбаев дагы бар эле... 

Эки-үч ай мурда Бишкектеги биздин айрым аксакалдар “Жоомарт эч нерсе чечпептир. Курманбек Дыйканбаев деген Жогорку Кеңештеги президенттин өкүлү бар экен. Мына ошол акча бөлдүрүп, азыр маданият үйүн куруп атышат” деп калышты. Каяша айткандарга унчугушпады. Көрсө, Дыйканбаев деген биздин аксакалдардын биринин күйөө баласы экен... Балдызы быйыл айыл өкмөтү болуптур. Аны көпчүлүгүбүз билбептирбиз. Булар көз будамайлоо кыла беришсе эл ишене береби?..

Азыр президент элетте маданиятты көтөрүү иштери жүрүп жатканын айтууда. “Элден айланса болот” дейт эмеспи. Бузукулар эмес, карапайым калк калыстык кылса керек... 


Рахат Сапарбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер