Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмаз Кадыралиев: “Акыркы 25 жылдагы коллективдин эмгеги бааланып, президент “Даңк” орденин тапшырды”

Алмаз Кадыралиев: “Акыркы 25 жылдагы коллективдин эмгеги бааланып, президент “Даңк” орденин тапшырды”

13-сентябрь, 09:00
412 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз мамлекетинин эгемендигинин 31 жылдыгын белгилөөдө КР президенти Садыр Жапаров көптөгөн алдыңкыларга сый-ургаалдарды тапшырды. Анын ичинде Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети “Даңк” ордени менен сыйланды. Биз аталган окуу жайдын ректору Алмаз Кыдыралиевге куттуктоо сөзүбүздү айтып, андан ары чакан маек курдук.


-- Алмаз иним, сен жетектеген окуу жайга президент “Даңк” орденин тапшырды. Бу жолкуда окуу жайлардын ичинен мындай сыйлыкка татыган сиздер гана болдуңуздар. Анда сөз башынан болсун, бул эми бекеринен эмес болсо керек?

-- Кыргыз экономикалык университети өлкөбүздүн эгемен жылдарында пайда болгон. Бизге быйыл чейрек кылым толду. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда союз учурундагы соода-сатык техникумдан жогорку окуу жайына болгон баардык тепкичтерди басып өткөн, эволюциялык жол менен өнүккөн жалгыз жогорку окуу жай экенин баса белгилегим келет, ошол эле учурда экономикалык мамлекеттик багыттагы болуп атат. Демек, окуу жай эгемендүүлүк башталгандан бери   Кыргызстандын экономикасынын болгон тармактарына керектүү, сапаттуу адистерди даярдоону өзүнүн миссиясы, максаты катары эсептеп келет. 

Быйыл 25 жылдык юбилейине байланыштуу деле эмес, негизи буга чейин бул университетти профессор Төлөбек Камчыбеков түзүп, негиздеп, тийешелүү түрдө өнүктүрүп келген. Ошо кездеги түптөлгөн бекем пайдубал, жогорку деңгээлдеги чогултулган профессордук мыкты жамаат жана университетте түзүлгөн материалдык базанын жыйынтыгында экономика адиси катары жөнөткөн бүтүрүүчүлөр бүгүнкүгө чейин Кыргызстандын өнүгүшүнө болгон салымын кошуп келе жатышат. Алардын кай бири мамлекеттик органдарда болсо дагы көпчүлүгү жеке ишкерлик менен алек. Ар бири бери жагы 10-15тен 100гө чейин жумушчу орундарын түзүп жүрүшөт. Демек, алар мамлекетке салык төлөп атат, элди жумуш орундары менен камсыз кылууда,   мамлекеттин экономикасына опол тоодой пайдаларын келтирүүдө. Кечээ эле салык кызматы мени чакырып, бирге кызматташууга жана Кыргызстандын экономикасына керектүү болгон адистерди даярдаганга кошкон салымым, каржылык, салык сабаттуулук үчүн деп сыйлашты. Андан тышкары, быйыл өзүбүздүн багыт боюнча эл аралык рейтингде 1-орунду ээлеп, “КМШ мамлекетинин сапат сынагынын дипломанты” деген макамга татыдык. Биз Кыргызстандан катышкан жалгыз окуу жай эле эмес мекеме да болуп калдык. Жогорку билим берүү системасында реформанын алкагында бир аз мурун президенттин указы менен биздин окуу жайга “Илимий изилдөө университети” деген макам ыйгарылды. Мындан ары биз билимге эле эмес илимге да көп басым жасап, студенттерге, мугалимдерге жеткиликтүү шарттарды түзүп берип, мамлекет менен тыгыз байланышта болуп, аларга адистерди жөн эле даярдап бербестен, окууну бүтүп кеткиче эле илимий долбоорлорду өздөрү түзүп, экономикалык эсептерин жасап, божомол прогноздорун чыгара алышат. Мамлекеттен илимий долбоорлорду буюртма алып, аны убагында аткарып баштадык. Кыргызстандын ичинен үч районду тандап алып, ар бир райондун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын түзүп, потенциалын изилдеп, “кандай мүмкүнчүлүктөр барын, канча каржы инвестициясын салса болорун, кайсы продукцияларды чыгарса болорун, логистикалык жагын, илимий долбоорлордо кандай маселелер карала турганынын баарын биздин окумуштуулар карап, жумушту башташты. Мындан тышкары, биз быйыл докторантура боюнча адистерди Батыштын стандарты менен дайындаганга кадам таштадык. Бул акыркы 25 жылдагы коллективдин жасап келе жаткан эмгеги катары бааланды деп ойлойм. Ошолорду эске алып, биринчиден, билим берүү жана илим министрлигинин, министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин колдоосу менен биздин окуу жайдын Кыргызстандын эгемендүүлүктөн бери өнүгүп келе жаткан экономикасына салым кошкондугу үчүн “Даңк” ордени менен сыйлады деп билебиз жана ыраазычылык билдиребиз! 

-- Эгемендик алгандан берки эмгегиңердин акыбети четинен кайтып атканы жакшы жышаан жана биз да куттуктайбыз! Анан айтсаң, илимий университет макамын алгыча эле сиздердин колектив мындай иштерди жасап келбеди беле?

-- Ооба, сиз айткан нерсе мурунтан эле бар болчу. Диссертациялык кеңешме башынан иштеп келе жатат. Бизден экономика илимдеринин кандидаты, докторлук даражасын коргогон экономисттер башка жогорку окуу жайларда, министрликтерде, президенттин администрациясында иштеп, эмгектенип атышат. Байкашыбызга караганда, Илимий университет макамы берилгенден кийин жоопкерчилик андан да күчөтүлдү. Экинчиден, өтө тыгызыраак иштеп, мындан ары стратегиялык документтерде, экономикалык божомолдоодо, потенциалды изилдөөдө, ресурстарды бөлүштүрүүдө биздин окуу жайдын ролу кеңейип, мүмкүнчүлүктөр ачылып, мамлекеттен буюртма алып, илимий багытта мурункуга караганда көбүрөөк көңүл бурулат дегенди билдирет. Азыркы кезде 80ден ашуун илимдин кандидаты, 30дан ашык илимдин доктору иштейт. 

-- Жаңы окуу жылы башталды. Көпчүлүк учурда кайсы гана окуу жайды албайлы, абитуриенттерге таңсык болушат. 1-курска 50 студентти кабыл ала турган болсо 30-35 болуп калат. Бу жагынан сиздердин окуу жайда абал кандай?

-- Бизде “жетпей калды” деген боло элек. Өзүбүзгө койгон планды аткарып келатабыз. Быйыл деле маселе жаралган жок. Болгону ЖРТнын рейтингин, бизге келген студенттердин сапатын карадык. Орточо балл былтыркыга караганда жогору болду. Быйыл англисче окута турган группаларга студенттерди көбүрөөк алдык. Англисче жакшы билгендерди дароо эле англисче окутуп баштайбыз. Башында бир эле программа болсо, азыр беш программага жеткиздик. Аларга чет өлкөдөн бүтүп келген дасыккан мугалимдер сабак берет. Окуу методикасына да өзгөрүүлөр кирди. Инновациялык усулдарга мүмкүнчүлүк ачылып, талаптар да коюлуп атат. Кечээ  министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусу менен Кыргызстанда 30 ЖОЖдо бизнес-инкубаторлор ачылды. Ошонун алкагында Акылбек Үсөнбекович стартап боюнча жобону тааныштырды. Мындан ары студентердин бизнес-идеялары болсо, мамлекет тарабынан каржы жагынан колдоо болмой болду. Эми биз ошо студенттерге мүмкүнчүлүктөрдү берип, келечекте бир жакшы ишкерликте мамлекетке пайдасын келтирет деген максатта кадам таштап жатабыз. Азыр реформанын алкагында университет билим берет, илим менен алек болот, инновация менен иштейт, бизнес менен тыгыз байланышта болот, кыскасы, толук экосистемасы түзүлөт. 

-- Союз маалында окуу жайды артыкчылык менен бүткөн студентти ошол эле билим алган окуу жайына мугалим кылып алып калышчу эле. Сиздерде бу жагы каралганбы?

-- Чынын айтыш керек, мугалим болобуз дегендер аз. Эң кызыгы, биз 4-курстан баштап студенттер менен тыгыз байланышта болобуз. “Университетке калабыз” дегендер болсо, аларга көңүл буруп, магистратурада окуусун улантып, мугалимдик тармакта иштетели дейбиз. Бирөөнүн да жумушсуз калганын көргөн жокмун. “Агай, биз жумуш таап алдык, иштеп атабыз” деп баары жумушка орношуп кетишти. Анын бирден-бир себеби, бизге өзгөчө финансы институттарынан, банктардан, микрокредиттик компаниялардан көптөгөн каттар келет, “бүтүрүүчүлөрүңөрдү бергиле, жумушка алабыз” деген.

-- Окуу жайдын мугалимдери, алардын айлык акылары жөнүндө эки ооз сөз?..

-- Ар бир мугалимди, ар бир кафедраны “илим изилдөө долбоорлорун жазгыла” дейбиз. Аларды кайсы жерде каржылоо мүмкүнчүлүктөрү болсо, ошол жакка бердирип, сабактан тышкары ресурстарды алып келүү максатында иштерди алпарабыз. Мындан сырткары, эл аралык донорлор менен буга чейинкилерди улантып, көбөйтүп атышат. Ар бир мугалим өзүнчө долбоордон тажрыйба алат. Инновациялык жакшы нерселерди киргизип, кошумча айлык катары шарттарды түзүп берүүнү күчөтүүдөбүз. Жакынкы күндөрү гранттын негизинде санарип экономикасы боюнча IT лаборатория аталышында борбор түзгөнгө алгачкы кадамдарды таштадык. 

-- 2021-жылы продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн “КМШ сыйлыгын изденип алуу” атындагы сынагынын дипломанты болдуңар. Бул Кыргызстандын тарыхында билим берүү чөйрөсүндөгү биринчи жаңылыкпы?

-- КМШ мамлекеттеринин арасында “Продукциянын жана кызмат көрсөтүүнүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн 2021-жылдагы КМШ сыйлыгын ыйгаруу жөнүндөгү” чечимине ылайык, конкурстун лауреаттары жана дипломанттары аныкталды. Биздин окуу жайга комиссия келди. Окуу процесстерин текшерип, алгач материалдык базалар менен таанышып, андан соң мугалимдердин квалификацияларын көрдү. Студенттерибиз менен сүйлөштү. Ал жерде баардык нерселер камтылган: материалдык база, университеттин колдоосу, кандай шарттар түзүлгөн, академиялык мобилдүүлүк, чет өлкөдөн мугалимдер жана студенттер канча келет ж.б. Алсак, азыр 20га жакын студенттерибиз бир семестрге окууга чет өлкөгө кетип атат. Ал жактан абдан баалуу тажрыйба топтоп келишет. Ушундай шарттар мугалимдерге да каралган. Тажрыйбанын негизинде көрүп келген нерсесин биздин окуу процессине жаңылык катары киргизишет. Ошонун негизинде жеңүүчүлөр аныкталат. Окуу жай продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн 2021-жылы “КМШ сыйлыгын изденип алуу” конкурсунун "250 адамга чейин иштегендердин кызматтары" номинациясынын дипломанты болуп калдык. Кудай буюрса, кийинки жылдары бул сынактын лауреаты наамын жеңгенге болгон аракетибизди кылабыз. Эл аралык алкакта Кыргызстандын атын дагы бир ирет даңазалайбыз деген изги тилектебиз.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер