Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тилек Тюкебаевди министр кылуу үчүн сүрөп жатышат...

Тилек Тюкебаевди министр кылуу үчүн сүрөп жатышат...

21-декабрь, 01:16
5 160 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Свердлов РИИБ начальниги Тилек Тюкебаев Инстаграмдан “жылдыз” болгонуна алымсынбай, эми Фейсбуктагы баракчасын жандандырып, өзүн-өзү сүйүү менен алектенүүдө. Баракчасына сүрөтүн койсо, ылдый жагына жакындары алкап жазышты. Береги скринден көрүнүп тургандай, Тилек Тюкебаевди ачык эле министр кылуу үчүн сүрөшүп, катуу кетишкенине күбө болдук. “Котур ташы койнунда” деген кеп бекер айтылбаптыр. Азыркы кызматына канааттанбай, коомдук пикирди алдыртан калыптандыруу үчүн өзүн көкөлөткөнүн карабайсыңарбы! “Факты өжөр нерсе” дейт эмеспи. Эмитен эле эч кимден тартынбастан министрлик креслону мелжеп алса, аягы кандайча тамамдалат? Этиканы да уруп ойнобойбу? Айтор, түшүнүксүз. 

Ал эми реалдуулуктан алганда, бул эргулдун ишмердиги өтө начар. Башкасын айтпасак да, жашы жете элек өспүрүм кызды Свердлов РИИБнин кызматкери зордуктаганы боюнча арыз түшүп, камалганы маалымдалды. Мындай инциденттен соң Тилек Тюкебаев токтоосуз түрдө кызматынан кетпейт беле? Моралдык жагы өлбөдүбү! Бирок, тескерисинче, ал министр болууну кыялданып, соцтармакта өзүн пиартетип, хайп кармап отурат. Же “крышасы” Өктөбүргө өлө таянып алганбы? Кыскасы, ушундай. “Алма сабагынан ашып түшпөйт” деп бекер айтылбаса керек.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер