Баткен облусунда жаңы оорукананын курулушу башталды
Бүгүн 22-март күнү Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында “Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун” жаңы имаратынын курулушу башталып, пайдубалын түптөө аземи болуп өттү. Иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев катышып, оорукананын курулушуна капсула салды.
Ыйгарым укуктуу өкүл аймак элин бул жакшы саамалык менен куттуктап, курулушту каржылоого алган “Ас-Сафа-Борбору” коомдук бирикмесине жана бирикменин аткаруучу директору Ибрагим Мальсаговго ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле “аталган бирикменин облустун социалдык муктаждыктарын жеңилдетүүгө кошкон салымы өзгөчө баалоого арзыйт” деп белгиледи.
“Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун” жалпы аянты 510 кв/м болгон эки кабаттуу жаңы имаратында хирургия бөлүмү, жандандыруу бөлүмү, дарыгерлер жана медайымдар бөлмөлөрү болот. Курулуш иштери аяктагандан кийин бирикме тарабынан ооруканага керектүү медициналык шаймандар, заманбап жабдуулар да орнотулат.
Курулуш 2021-жылдын октябрь айында аяктап, пайдаланууга берүү пландаштырылууда. Аталган имараттын жалпы сметалык баасы 28 млн. сомду түзөт.
КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы