Акыркы кабарлар
» Саясат » Жумагазиевден үмүт кылып жатсак, терс генералдар менен коюн-колтук алышууда
Жумагазиевден үмүт кылып жатсак, терс генералдар менен коюн-колтук алышууда
17-март, 12:55
1 148 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌ИИМ жетекчилигине ким келбесин, береги сүрөттөгү Садырбек Дубанаев, Курманбек Кубатбеков, Абдылда Суранчиев, Кемелбек Киязов сыяктуу генералдар кошомат кылышып, жеке кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу үчүн жандалбас кылышат. Милиция үчүн чындыкты айтышканын, сындашканын, дегеле күрөшкөнүн көрөлекпиз. Качан көрсөң төрдөн орун алышып, кулдук ургандай чоңдорго жагынып жүрүшкөнү жашыруун эмес. Буга чейин министр Улан Ниязбековду айланчыктап жүрүшкөн береги “аксакалдар” кубулушуп, Чүй облусунун губернатору Канат Жумагазиевди куттукташып, бата бергенге үлгүрүшүптүр. Кандайдыр бир кызыкчылыктары бар үчүн жетип барышты да, туурабы? Коомчулук Жумагазиевден үмүт кылып жатса, терс каармандар менен коюн-колтук алышып кеткени өкүндүрдү. Губернаторду жардан ары түртүп салышпайбы?
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити