Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Жеке клиникаларда бир жолку шприцти бир нече жолу колдонушууда»

«Жеке клиникаларда бир жолку шприцти бир нече жолу колдонушууда»

20-апрель, 12:02
1 114 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык аймагында жеке менчик медициналык клиникалар лицензиялык талаптарга жооп берери текшерилип жатат.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкө аймагында стоматологдор 30 жылдан бери текшерилбей келгенин, жертөлөдө, шарты жок жерде гинекологиялык кызматтар көрсөтүлөрүн, аптекалар 4 жылдык билим менен иштешерин, косметикалык операцияларды ашпозчулар жасап жатканын, мындай башаламандыктардын баарын токтотуу керектигин айткан.

Текшерүү комиссиясынын төрагасы Ренат Мавланбай «Маралдын» эфиринде өлкөдөгү жеке стоматологиялык клиникаларда абал өтө кейиштүү экенин айтты.

Текшерүүдө бир жолку шприцти бир нече жолу колдонгон, жабдыктарды да эки жолудан колдонгон учурлар аныкталган. «Жеке клиникалардын кызматкерлери бир жолку шприцти стерилдеп, крафт-баштыкка салып, бекитип коюшат экен. Биз «муну эмне кыласыздар?» деп сурасак, «стерилизация кылып койбодукпу, эчтеке болбойт» деп жооп берип жатышты баары. Бул туура эмес» деди ал.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер