Дүйшөнбек Камчыбеков: “Геология тармагындагы көйгөйлөрдү чечип, көмүр өндүрүү маселесин жолго салуу зарыл”

Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков менен кезектеги маегибизди уланттык.
(Башы гезиттин №3 (16.01.2023) санында)
-- Өткөн маекте изилдөөлөр боюнча кеп козгоп калдыңыз. Изилдөөнүн аэрофизикалык деген дагы бир түрү бар экен...
-- Бул геофизикалык изилдөөнүн бир түрү. Аэрофизикалык изилдөө – бул космостон көзөмөл жүргүзүү. Ал чоң каражатты талап кылат. Ошон үчүн мындай изилдөөлөр союз тараганы эле токтогон.
-- Биз сөз кылып жаткан концепцияда бир катар карама-каршылыктар да бар экен. “Чалгындоо жүргүзүлбөсө кантип фонд түзөбүз?” деген суроо жаралбай койбойт. Концепцияда жазылгандай, болжол менен 12 жылда изилдеп, чалгындап фондго киргизгенге жетише алабызбы?
-- Бүгүнкү күндө Кумтөр кенине байланыштуу мындай маселелер бар. Эмне себептен биз учурунда кенди өзүбүз иштетпей, башка инвесторлор келип пайдасын көрүп жаткандан кийин, “балким ал кендерди кармап туруп, кийин учуру келгенде жакшы технологиялар келсе, ошондо иштетсекпи” деген дагы бир ой жүгүртүүлөр болгон. Бирок биз, адистер муну туура эмес көрөбүз. Эгерде биздин кен байлыгыбыз болсо аны иштетип, экономикабызды көтөрүп, учурдагы жашоо турмушубузга жакшы каражаттарды таап, социалдык шартыбызды оңдошубуз керек.
-- Сиз белгилегендей, концепцияда “20 жылда бир дагы кен ачылган эмес” деп жазылыптыр. Бирок бир кен ачылган. Алай жакта Шамби-Сай деген кен бар экен го?
-- Ооба, учурда ал кенде иштер жүрүп жатат. Ошон үчүн биз келечекке шарт түзүп бере турган кендердин эң ирилерин, мисалы, Жетим-Тоону белгилеп айтсак болот. Андан сырткары, учурда жашыл экономика деп жатабыз. Ошого тийешелүү дагы кендерибиз бар. Актүздүн жанындагы Кутисай кени да ачык жол менен иштетилип келген. Карьердин тереңдиги 250 метрге жетип калгандыгына жана союз тарап кеткендигине байланыштуу ошол кенди иштете албай калганбыз. Ал жерде лантаноид тобуна кирген, андан тышкары тербий, иттербий деген дүйнөлүк рынокко керектүү металлдар чыккан. Алар порошок түрүндө кичинекей эле баштыктарга салынып чыгып, бирок баасы өтө жогору болгон. Мисалы, келечекте электромобилдерди чыгарып калсак, ошолорго керектүү литий кенин өндүрсөк болот. Бизде литийдин кору бар. Кыскасы, келечекке түзүп бере турган жакшы мүмкүнчүлүктөрүбүз арбын. Андан сырткары, бүгүнкү күндө көмүрдүн да түрлөрү бар. Алардын кору 200 миллион тоннадан ашат деп жатышат.
-- Бул концепцияга кирбей калгандары барбы? Эмнелерди кошуш керек эле?
-- Мамлекеттик башкаруу структурасын сөзсүз түрдө түзүү зарыл. Бизде мамлекеттик “Кыргыз геология” ишканасы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө бул ишкананын деңгээлин, статусун көтөрүш керек. Союз тарагандан кийин акыркы үч жылга чейин ошол эле “Түндүк экспедициясы” чоң экспедиция болуп иш жүргүзүп келген. “Түштүк экспедициясы” Ошто болуп, мамлекеттен бөлүнгөн каржаттан сырткары өздөрү дагы келишимдерди түзүп, көптөгөн мекемелер менен иштешип келишкен. Учурда ошол “Кыргыз геология” ишканасынын статусун көтөрүп, дагы кошумча функциялар берилиши керек. Бул мекеме министрликтин алдында болуп калган. Буга чейин айтылгандай, бөлүнгөн 21 миллион сом аларга жетпейт. Акыркы маалымат боюнча экспедицияларда жети айдан бери айлык албаган, эки жүз сомдон аванс алган адистер дагы бар. Ошолорго башка бир кошумча функцияларды берип, иш жүргүзүүбүз керек. Андан сырткары, “Кыргызалтын” мекемесине да кошумча функция берилип, алтын лицензиясы ушул мекеме аркылуу ишке ашырылышы зарыл.
Мурунку маектерде айтылгандай, “Кыргызкөмүр” ишканасынын да статусун көтөрүп, көмүр казган мекемелердин баарынын башын кошуп, көмүр өндүрүү маселесин жаңы жолго салуу зарыл. Андан сырткары, өнөр жай маселелерин тескеген бир министрлик түзүлсө деген оюбуз бар. Темир кендерине же алюминий кендерине байланыштуу кендерди иштете турган программаны түзүп алып, каражатын аныктап, “Министерство горного дела и гоеологии” деп Өзбекстанда түзүлгөндөй бир министрлик болсо дейбиз.
-- Бул концепция азыр эле ишке ашпайт да. 2024-жылдан кийин башталат экен. 2025-жылдары нормативдик-укуктук жол түзүлөт десек болчудайбы?
-- Сөзсүз түрдө программалар түзүлгөн. Ал программалардын ичинде “Кабак” көмүр кенинен сырьелорду бөлүп алышыбыз керек. Көмүр, жол ж.б. маселелерди чечүү боюнча көптөгөн программалар кабыл алынган. Бирок анын бири да аткарылган жок. Коомчулук бул концепцияны талкуулоого активдүү катышуусу зарыл. Бизге окшогон адистер көргөн-билген сунуштарын айтышат.
Кыш келгенде эле “Кыргызкөмүр” ишканасына “көмүр менен камсыздап бер” деген кыйноолор башталат. Ал Кара-Кеченин эле бир аймагында түзүлгөн ишкана. Калганынын баары менчик ишканалар. Ошондуктан алар бири-бири менен кандайча байланышта болорун пландоолору керек. Казыла турган көмүрдүн көлөмүнө жараша бюджеттен акча бөлүнүшү шарт. Жылдын башында да айтып келгенбиз, Кара-Кечеде көмүрдүн кору кенен, ЖЭБге 1,5 миллион тоннага чейин берсек болот. Бирок даярдык иштери жүргүзүлбөй калган. Анүчүн каражат бөлүнүп, техника алуу зарыл. Биз былтыркы, мурдагы жылкы жасалган иштерге карап, чоң каражат бөлүнүшүн талап кылганбыз. Бирок көмүр алууга 20-40 миллион доллар каражатты Казакстанга бөлүп коюшкан. Ошонун теңин эле “Кыргызкөмүргө” бөлүп бергенде болмок. Андай маселелер министрлер кабинетинин деңгээлинде чечилет. Биз сунуш гана айтабыз. Ал эми кайсы мекеме жооптуу болору, кай жактан каражат бөлүнөрү өкмөт тарабынан чечилет.