Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тазабек Икрамов: "Өзгөчө кырдаалдар министри өз арызы менен жумуштан кете турган акыбалга жетти"

Тазабек Икрамов: "Өзгөчө кырдаалдар министри өз арызы менен жумуштан кете турган акыбалга жетти"

01-июнь, 11:50
2 454 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин жыйынында селдин, анын кесепеттерин жоюу тууралуу маселелерди көтөрдү. Анда эл өкүлү өзгөчө кырдаалдар министринин ишмердүүлүгүн сындап, министр өз арызы менен эле жумуштан кете турган болуп калды дейт.

"Сузак районунда бир жыл мурда сел жүрүп, зыян тарткан тургундар ошондон бери контейнерде жашап жатат. Аларды үйлүү-жайлуу кылыш керек болчу. Ушул маселени качан чечесиздер,Алмазбек Абытов?

Ошондой эле Кара-Дарыя айылына дамба куруу маселеси көтөрүлгөн. Кечээ дагы сел жүрүп, эгин талааларын суу каптап, алып кетти. Дамбага бөлүнгөн акчаны өзгөчө кырдаалдар министри, анын орун басары эмне кылды? Жакында эле министрликтин унаасы 20дан ашык адамдын өмүрүнө зыян алып келди. Ушунча окуядан кийин министр өз арызы менен деле жумуштан кете турган акыбалга жетти" дейт Икрамов.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер