Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мэр Айбек Жунушалиев гезит базарга, шаардагы киоскилерге шарт түзүп берсе...

Мэр Айбек Жунушалиев гезит базарга, шаардагы киоскилерге шарт түзүп берсе...

26-август, 00:51
1 074 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыркы үч-төрт жылдан бери Бишкек шаарындагы гезит саткан киоскилер кескин түрдө тездик менен алынып, ордуларына жаңылары коюлбай, ыңгайсыздык жараткан. Мындай бүлдүрүү иши Эмилбек Абдыкадыров мэр болгону күчөгөн эле. Андан бери Айбек Жунушалиевдин жетекчилигинин астында да уланып келет. 

Натыйжада, мурдагы “Вечерканын” жанындагы гезит саткан базарды алып салууга улам жутунушуп, эскертишип, тескери саясаттын коңгуроосун кагышууда. Ал алакандай эле жер, кууш көчөнүн бою. Эч бир жанга токскоолдук же ыңгайсыздык жаратпайт. Эгерде береги базарды алып салышса, анда республикага тарап аткан аз сандагы гезиттердин келечегине балта чабылат. Ансыз да агартуучулук жагыбыз аксап, сабаттуулукка анчейин кам көрүлбөй калган чакта, мындай жорукка баруу осолдук! Тескерисинче, бийлик гезит-журналдардын өнүгүшүнө кам көрүп, шаар көчөлөрүнө заманбап кисокилерди коюп берсе, кандай сонун жарашмак! Азыркы убакта АКШ, Батыш, Чыгыш өлкөлөрүндө гезит чыгаруу, сатуу, дегеле бул багыттагы саясат өтө актуалдуу. Гүлдөгөн мамлекеттерде канчалык жасалма интеллект, санариптештирүү, жаңы технологиялар өнүкпөсүн, кагаз жүзүндөгү гезиттер да жүз миңдеген, миллиондогон нускаларда чыгууда. Себеби, аларды президенттер баш болушуп колдошот экен. Коомдук турмуштун, саясаттын, адабияттын, маданияттын, дээрлик баардык тармактардын өсүшүнө жол чабылуусу зарыл. Гезит-журнал, китептер кандай доор болбосун окулуп келген. Мындан ары да өнүгүүнүн үстүндө болушу кажет. Ушул маселе боюнча мэр Айбек Жунушалев борбор калаадан үлгү көрсөтсө, башка шаар, райондорго да жайылмак...

Андыктан, Бишкек, Ош шаарындагы киоскилерди алууну токтотуп, тескерисинче, көбөйтүү керек. Баардык шаар, райондун борборлорунда гезит сатууга шарт түзүлсө, элибиз үчүн пайдалуу болмок. Албетте, мындай демилгени билимдүүлөр колдой турганына ишенели...   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер