Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бийликтен жакшы нерсе күтпөгүлө, андан көрө мал багып, жашылча-жемиш өстүргүлө”

“Бийликтен жакшы нерсе күтпөгүлө, андан көрө мал багып, жашылча-жемиш өстүргүлө”

11-май, 00:31
1 126 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол койду. Бийликке толук кандуу ээ болду. Эми кандай өзгөрүүлөрдү күтсөк болот?

Өмүрбек Абдрахманов, коомдук ишмер:

-- Кыргызстан өтө чоң өлкө эмес. Эмне болуп атканы, кандай иштер алдыга жылып, кандай иштер токтоп турганы баарыбызга көрүнүп турат. Ооба, Садыр Жапаров Конституцияга кол койду. Толук кандуу бийлик өз колуна өттү. Ошол эле учурда эч кандай өзгөрүүнү күткөнүм жок, болбойт дагы. Кандайдыр бир олуттуу реформаны сунуштаган жок. Өзгөрүү ар бир Кыргызстандын жаранында болушу мүмкүн. Президентти, премьер-министрди карап отурбастан, ар ким алы келе турган оокатты кылалы. Мага окшоп иштегиле, алма бак өстүргүлө. Мал багып, этин саткыла. Жашылча-жемиш өндүрүп, үзүрүн көргүлө. Азыр ушундай акыбалга келдик. Бийликтен жакшы нерсе күтпөй эле койсо болот.

Жамин Акималиев, академик:

-- Президент Садыр Жапаров аябай чечкиндүү кадамдарга барышы керек. Элдин каалаганы, тилеги менен мамлекетибизде президенттик башкаруу орнотулду. Жоопкерчиликтин баары бир кишиге өттү. Демек, президент өз элине, коомчулукка таянып, калктын турмушун оңдой турган, элибизге тынччылык, стабилдүүлүк алып келе турган чоң реформаларга баруусу кажет. Реформа жөнүндө көп эле айтып атабыз. Тилекке каршы, айтылган сөздөр кагазда эле калууда. Ал эми азыр реформаны кылчактабай туруп, адистер, илимпоздор, аксакалдар менен кеңешип кылмайынча, биздин ишибиз алдыга жылбайт. Мен ушуну күтөм. Өз учурунда биз жардам беребиз. Кайсы тармак болбосун, кандай реформага өлкө багыт албасын, сунушубузду айтабыз. Бирок, ошол маселени президент чечүүсү абзел.  

Дастан Бекешов, ЖК депутаты:

-- Кандай өзгөрүүлөр болору Садыр Жапаровго байланыштуу. Эгер бийликке ага-тууган, жек-жаат, тааныш-билиштин баарын тарта баштаса, өзү компетенттүү болбосо, анда эч бир өзгөрүү жөнүндө сөз айтып деле кереги жок. Президент өзүнүн ишмердүүлүгүнө сын-пикир айткан адамдарды укпаса, өзүмбилемдикке бара берсе да жакшы жакка өзгөрүүнү күтпөйбүз. Өлкөнүн тагдыры бир адамдын колуна өттү. Саясый өзгөрүүлөрдөн эң ириде өкмөттүн отставкасы болот. Садыр Жапаров өкмөттү башкарат. Бирок, ошол эле кезде министрлер кабинетинин төрагасы ортомчу катары кызматын аркалайт. Парламентте оппозиция же көпчүлүк коалиция деген жок болот. Экономика жаатында өзгөрүүнү айтыш кыйын. Кыргызстандын абалы бул жаатта көптөгөн реформаларды талап кылууда. Президент ушуга көп көңүл бөлүп, көптөгөн иштерди алдыга жылдырбаса, убакыт өткөн сайын начарлай берүүбүзгө жол ачып коёт.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер