Акыркы кабарлар
» Саясат » Бийлик чиновниктерине кошомат кыла берип, Чынар Капарованын кадыры кетти
Бийлик чиновниктерине кошомат кыла берип, Чынар Капарованын кадыры кетти
02-август, 09:00
447 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ыгы келсе-келбесе да Чынар Капарова бийликти мактап, бай чиновниктерди жактай бергенди адатка айландырып алды. Соцтармактан фейктерге кошулуп алып маанисиз “обон созуп”, пост жазып, жаналекетке түшкөнүн көрсөң уяласың. Айлык төлөйбү, же кызмат үмүт кылгандагысыбы? Айтор, түшүнүксүз. Алыш-бериши болбосо жөн эле “ырдай” бермек беле? Кызыгы, Капарованын кошомат кылып, ала-шала түшкөнүнө, абийирсиз ашынганына көпчүлүк мыйыгы менен жылмайчу болуптур. Атургай өзүнүн балдарындай болгон жаш блогерлер шакаба кылышып, жагымпоздугун ачык эле жаза башташты. Күлкүгө айланууда. Башта орду бар диктор айымдын тез эле кадыры кеткени, кепке кемтик, сөзгө сөлтүк боло баштаганы өкүнүчтүү. Эми да кеч эмес, намысын сактап, адам кейпинде кала алабы, же?..
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити