Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бийлик короосуна кошпой койсо, Атазовдун жүзү ачылып атпайбы...

Бийлик короосуна кошпой койсо, Атазовдун жүзү ачылып атпайбы...

19-март, 09:00
820 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Райым Матраимов менен байланышкандарды айтсак, анда парламенттин төрүндө отургандар, бир нече өкмөт мүчөлөрү, башкы прокурор да отставкага кетиши керек” деп Шайлообек Атазов билдирүү кылган. Кыязы Нурланбек Шакиевди, министрлерди, Курманкул Зулушевди айтып атат. “Айтылган сөз – атылган ок” дейт. Бирок Зулушев чычалап, реакция деле кылган жок. Маани деле бербеди. 

Эң кызыгы, Шайлообек Атазовдун саясаттагы мындан аркы кадамы кандай болот? Мандатынан ажырады. Бийлик тарабынан кысымдар башталды окшойт, себеби, кандайдыр бир түшүнүксүз маалыматтык чабуулдарга кабылды. Натыйжада, чет өлкөгө кеткен боюнча келбейби? Айтор, сыноонун мизинде тургандай. Негизи Шайлообек төбөлдөргө жакпай калганын байкаганбыз. Кечээ башка командада жүрүп, анан “куйругун кесип” эле Камчыбек Ташиевдин депутаттарына кошулуп кеткиси келгендей далбастаганы байкалган. “Сүмбүл, дүмбүл” деп бийликтин ылдыйкы эшелондорунда жүргөндөрдү жамандайт да, а чыныгы таасирдүүлөр Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге “лам” дей албайт. Буйтап, ары-бери секирип жүрүүнү алар деле көрүп, түшүнүп жатышат да. Кыскасы, эрки барбы, ачык каршылык көрсөтпөйбү? 

Бир олуттуу жагдай бар. Депутаттык креслого Шайлообек Атазов чындыгында Райымбек Матраимовдун ак ниеттүү колдоосу менен жеткен. Бул үчүн колун эмес, бутун өпсө да жарашабы? Өткөн чактагы аз убакытты алалы. Шайлообек бийликке аябай жагынып, эки достун командасына кошулууга жанталашты. Бирок алар жандарына жуутпай коюшту. Ушундай азарттык оюндун кумары менен Райымбек Матраимовду унутуп да койгон. Анан түштөн кийин кайра жүгүнүп атабы? Баш чайкайсың да...  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер