Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айнура Сагынбаева: «Аял ишкерлер мамлекеттик колдоого муктаж»

Айнура Сагынбаева: «Аял ишкерлер мамлекеттик колдоого муктаж»

12-ноябрь, 18:07
1 135 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Курак” аялдар форумунун башкармалыгынын төрайымы менен маек.

-- Анчалык жеңил эмес учурда аял ишкерлер кырдаалдан кантип чыгууда?

-- Ишкер аялдар бизнестин тигил же бул түрү менен алектенген эркектерге караганда, алда канча көбүрөөк жабыркашканын айтсам жаңылышпайм. Себеби, аялдар негизинен кичи бизнес менен алектенишет. Мындай оор учурда алар эркектерге караганда алда канча аз иштеп, негизги кирешесин үй-бүлөгө жумшашат. Аял бизнесмендер коронавирустук пандемия учурунда чоң жоготууларга учурашкан. Азыр кичинеден жумушка кайтып жатышат. Анткени аял киши кайсы бир ресурстарга, каржылык колдоо алууда дайыма аярлуу катмар болуп эсептелет, кризис болгондо алар эки эсе азап тартышат. 

-- Аялдардын бүткүл дүйнөлүк ишкерлик күнүн белгилегени турасыздар. Кандай кызыктуу иш-чаралар мерчемделүүдө?

-- Ишкер аялдардын күнүн белгилөө үчүн быйыл жетинчи жолу конференция уюштуруп жатабыз. Программага кызыктуу баяндамачылар катышат. Аймактардан келген кыз-келиндер кесипкөйлүгүнө, тажрыйбасына, активдүүлүгүнө жараша топторго бөлүнүп, бири-бири менен баарлашып, таанышып, иштиктүү байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Биз инвесторлорго, өнөктөштөргө өзүн кантип туура көрсөтүүнү, продукцияны сунуштаганды, бизнес сапаттарды көрсөтүү туурасында айтып беребиз. Ошондой эле бизнес өнөктөштөрдү табуунун жолдору менен бөлүшөбүз. Конференциянын алкагында аялдардын ишкерлигин колдоо боюнча жаңы мамлекеттик программаны талкуулайбыз. Аялдар да эркектерден кем калбай салык төлөшөт, ички дүң продукциянын өсүшүнө салым кошушат, ошол эле учурда үйдөгү жоопкерчиликти да ала жүрүшөт. Ошондуктан аларга мамлекеттик деңгээлде колдоонун мааниси чоң. Эгер аял кишинин ден соолугу чың, билимдүү жана дагы ал ийгиликтүү болсо, мында бактылуу, билимдүү балдар чоңоёт. 

-- Бул иш-чарада айыл жергесинен дагы ишкер айымдар келерин белгиледиңиз, алардын өнөктөш табуусу канчалык реалдуу?

-- Ооба, ишкерлик менен алектенген же бизнес кылууга план түзүп жүргөн баардык айымдар бул иш-чарага катыша алышат. Бул күнү эл аралык өнөктөштөр, элчилер келгендиктен, региондон келген ишкер айымдарга эбегейсиз мүмкүнчүлүктөр ачылмакчы. Маселен, БУУнун, Финляндиянын, Агахан, айтор көп. Бул өнөктөштөр Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө кызыкдар. Аянтчада өнөктөш табууга, кайсы бир долбоорлорго катышууга, жаңы нерселерди үйрөнүүгө шарт түзүлөт. Мындан тышкары, бул күнү өз ишин мыкты билген, рынокто ийгиликтүү иштеп жаткан, баардык кыйынчылыктардан чыгуунун жолун билген, дасыккан ишкерлер кеңештерин беришет. Бизнес жаатында өздөрү басып өткөн жолдорун айтышат, пикир алмашылат. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер