Олимпиада оту жанды кыргыз спортчулары биздин отту качан жандырат?

ХХХII жайкы олимпиада оюндарынын башталганына бир жума өттү. Алигүнчө кыргыз спортчулары өздөрүн бийик середе көрсөтө элек, буюрса болуп калат дейли.
Олимпиада оюндары башталгандан бери биздин спортчулардан алгач мылтык атуу боюнча Каныкей Кубанычбекова мелдешке чыгып, 48-орунду камсыз кылды. Андан кийин Денис Петрашев аттуу суучулубуз 27-орунду ээлеген. Кылыч чабышууда Роман Петров бир атаандашын утуп, андан кийинкисинен утулуп, байгеге алпарчу жолдон чыккан. Дзюдочу Владимир Золоев татамиге чыккан биринчи атаандашына туруштук бере албай, 1/16 финалда жеңилүү ызасын көрдү. Кечээ суучулубуз Денис Петрашев дагы бир ирет күчүн сынап, финалдык мелдештерге жолдомо албай калды. 28-июлга карата кыскача ушу.
Кызыктын баары эми башталат. Анткени, биз үмүт арткан спортчуларыбыз, анын ичинде балбандарыбыз алдыдагы күндөрү мелдешке чыгышмакчы. Аларга көз тийбесин, сөз тийбесин, Жараткан жалгасын!
Япония олимпиадасында 28-июлга карата коңшу мамлекеттерде абал кандай дей турган болсоңуз, Өзбекстанда бир алтын, бир коло медалы бар. Түркмөнстан бир күмүш, Казакстан үч колону жеңишти. Тажикстан менен Кыргызстанда азырынча медалдар жок. Ал эми медалдык зачеттун сап башында Кытай 12 алтын, 5 күмүш, 8 коло. Экинчи орунда Япония 12 алтын, 4 күмүш, 5 коло. Үчүнчү орунда АКШ 10 алтын, 11 күмүш, 9 коло медалдары менен келатышат.