Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Окуучу кыздардын мушташынан кийин мектеп директору жана 3 кызматкер иштен бошотулду

Окуучу кыздардын мушташынан кийин мектеп директору жана 3 кызматкер иштен бошотулду

20-ноябрь, 22:23
1 889 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн социалдык тармактарда талаадагы суу жээгинде топтошуп, мушташкан окуучу кыздардын видеосу тарап, коомчулукка тескери пикир жараткан эле.

Мушташкан окуучу кыздар Аксы районунун Жаңы-Жол айылындагы №10 Жоробек Мамытбеков атындагы мектептин 10-11-классынын окуучу кыздары болгон.

Бүгүн, 20-ноябрда өткөн чогулушка акимдин биринчи орун басары Т.Эмилбек уулу, социалдык маселелер боюнча орун басары Д.Абдылдаева, билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.Зыябекова, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Ш.Тангиров, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Осмонова, окуучулар жана алардын ата-энелери катышты.

№ 10 Жоробек Мамытов атындагы мектептин директордун берген маалыматына караганда, 11-класстан 3 кыз, 10-класстан 1 кыз, 9-класстан 1 кыздын ортосундагы пикир келишпестиктен улам мушташ келип чыккан.

Учурда бул окуя боюнча ички иштер бөлүмү тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Мушташка аралашкан кыздардын эч кимиси оор жаракат алган эмес. 

Жыйында Ж.Мамытбеков атындагы орто мектептин директору, директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, класстан жана мектептен тышкаркы иштердин уюштуруучусу, социалдык педагог кетирген кемчиликтеринин негизинде ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер