Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сизге жылуу пикиримди билдирип, маанайыңызды көтөргүм келди

Сизге жылуу пикиримди билдирип, маанайыңызды көтөргүм келди

14-июль, 23:32
1 198 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Назира Аалы кызына!)

Ооба. Сизди сыртыңыздан баалап жүрөм. Акылдуу, билимдүү айымсыз. Башкаруучулук, чыгармачылык талантыңызды сыйлайм. Менимче, азыркы жумушуңуз менен жөн эле өзүңүздү алаксытып жүрсөңүз керек. (“Манас” улуттук академиясындагы алабарман, түшүнүксүз жаш баладан алда канча бийиксиз, көптү билесиз). Негизи сиз башка жооптуу кызматта иштесеңиз, мамлекетке пайдаңыз тиймек. Бирок азыркы заманда кыйын кадрлар бааланбай, баары өң-таанышка карап, “кол ийрисине тартуу” менен чечилет тура. Өкүнүчтүү. Себеби, убакыт зымырык куштай сызып баратат. Өткөн күндөр кайрылып келбейт эмеспи. Айтмакчы, КТРКда иштеп жүргөнүңүздө, ал жактагы тааныштарым сизди жамандашса, ойлонуп калчу элем. Эки анжы абалда калып. Кийин жөн гана кара пиар жүргөнүнө көзүм жетти. Ар бир адам кемчиликтери жана артыкчылыктары менен баалуу... Ошол кездерде бир-эки курдай жумуш боюнча телефон аркылуу сүйлөшсөк керек. Азыр эстей аласызбы, же маани деле берген эмесизби, так кесе болжой албайм. Болгону сизге карата жылуу пикиримди билдирип, маанайыңызды көтөргүм келди. Баардык нерсе жөнөкөй мамиледен башталган сыягындай...


Жакшы жигит  

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер