Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыштын акыркы күндөрү жана сулуу кыздардын ой-толгоолору

Кыштын акыркы күндөрү жана сулуу кыздардын ой-толгоолору

16-февраль, 22:37
11 181 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кечээ күнү эле кычыраган кыш күндөрүн тосуп алганбыз. Эми кыштын акыркы күндөрүндө жашап жаткан чагыбыз. Убайымы, жоготуусу, көркөмү, аруулугу, кычыраган суугу – баары артта калып, мезгилдин агымы менен алгалап барабыз. Төмөндө коомго белгилүү кыздарыбыздын кыш тууралуу ой толгоолору.

Адина ДОСУМБЕТОВА, теле алпаруучу:

-- Ар бир мезгилдин өзүнүн керемети бар. Кыш – менин жашоомдо өзгөчө таасир калтырган керемет мезгилдердин бири. Жаңы жааган карды жакшы көрөм. Айлана аппак болуп, жер жүзүндөгү жамандыктын баарын жаап салгандай, аруу, таза сезилет. Жаңы жааган кар бала чагымды, айылымды, анан таятамды эстетет. Кыш узак болуп, кар көп жааган айылда туулуп-өскөм. Кар жааган күндөрү эртең менен турганда жолдордун баары тосулуп калчу. Бирок ушунчалык кооз, жомоктогудай көрүнүш эле... Таятам биз ойгонгончо мешке от жагып, короодогу карды күрөп, мектепке барчу жолду ачып коёр эле. Анан таенемдин таттууларын жеп, жылуу чайын ичип, мектепке жөнөчүбүз. Ошондуктан кар жаап жатканда дароо ошол учурлар эске түшөт. Балким айылдагы кооздук, балалыктагы аруулук менен раматылык таятамдын бизге болгон мээримин сагынгандан болсо керек. Үшүгөндө ошол жылуу үйгө, балалыкка барып калгым келет. Быйылкы кыш да жаман болгон жок. Эсте калган күндөр көп болду.

Чолпон ИДРИСОВА, “Айтышфильм” киностудиясынын пресс-катчысы;

-- Кыш мезгили мен үчүн эң керемет жыл мезгили. Айлана аппак карга оролуп, ажайып кооз. Мен үчүн кыш аруулуктун, сулуулуктун символу. Дал ушул кыш мезгилинде кичинебизде үйгө кирбей, эртеден кечке чана тээп, балалыктын эң таттуу кездерин өткөрсөк керек. Мен ойлойм, жашоодо сыйкырга ишениш керек,  өзгөчө кыштын сыйкырына. Билбейм, бирок, кыш мезгилинде мен табигаттан өзүмө көп дем, күч алам, өзгөчө илхам келип, көп жумуштарды бүтүрөм. Кызыктуу адамдарга жолугуп, көп нерсеге жетишкенге үлгүрөм. Айланадагы адамдар кыштын аруулугун сезе алса – алар бактылуу. 

Асел АКМАТ, журналист:

-- Учурда Түркиянын Конья шаарында окуп жаткандыктан, бул жакта Кыргызстандагыдай кышты кезиктире алган жокмун. Кар биздегидей жаабайт экен, жааса деле бат эле эрип кетет. Эртең менен жааган кар түштө эрип, таңкалтырууда. Бишкекте көп кар жааганда өзүмө жана башкаларга фотосессия жасачумун. Бул жакта болсо кар аз жагандыктан, кээде Instagram жана Whatsapp тиркемелеринин “тарыхча” бөлүмүнө аз кар жааса да сүрөт, видео жүктөп жатам. Бирок Коньяда шамал өзгөчө катуу болот. Чынын айтсам, Кыргызстандагыдай кышты сагындым.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер