Бишкекте жашап, “Амазондо” соода кылган Бермет Кошоева

Америкалык “Амазон” интернет соода аянтчасы Кыргызстандын товар өндүрүүчүлөрүнө түз соода кылуу үчүн өз платформасын ачты. Эми атамекендик ишкерлер өз товарларын дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө сунуштай алат. Кыргызстандагы диджитал-маркетинг боюнча адис Бермет Кошоева үч жылдан ашык убакыттан бери Американын бул аянтчасында соода кылып келет.
Бишкекте жашап, “Амазондо” иштейм
-- Мен “Амазон” сайтында онлайн соода менен алектенем. Бишкекте эле жашап иштейм. Товарларды Кытайдан буюртма кылып, анан аларды түз эле Америкага жөнөтөм. Товарлар “Амазондун” кампасына түшөт дагы, анын сайтында сатылат. Алгач БААУну бүтүргөн соң ата-энемдин сунушу менен Стамбулга окууга кеттим. Түркияда менеджментти англис тилинде окудум. Андан кийин Erasmus+ программасы менен Европага барып, магистратураны аяктадым. Бул программа студенттерге стипендия берет, ал акча окууну төлөгөнгө жана башка чыгымдарга жетет. Окууну бүтүп, Бишкекке келер алдында “чогулткан стипендиямды кайсы жакка жумшасам” деп ойлоно баштадым. Интернетти изилдеп отуруп, “Амазондо” товар сатуу чечимине келдим. “Amazon” электрондук соода жүгүртүү боюнча дүйнөдөгү эң ири америкалык компаниялардын бири. Кыргызстандыктарга бул платформада акча табууга эки ай мурун гана уруксат берилди. Эми биздин паспорт менен эле каттоодон өтүп, товар сата берсең болот. Бирок, мен “Амазондо” соода кылганыма үч жылдан ашып калды.
“Амазондо” саткан биринчи товарым стакан койгучтар эле
-- Биринчи саткан товарым стакан койгучтар болду. Ал пробкадан жасалган, англисче cork coaster дешет. Негизи “Амазондогу” ийгиликтин басымдуу бөлүгү анализге байланыштуу, сатуунун ийгиликтүү болор-болбосу 80-90% сата турган товарыңды кылдат анализдөөдөн көз каранды. Мен бул иш менен алектенген адамдар жөнүндө өтө көп сандаган маалыматтарды окуп, Ютубда ким эмне көрсөтүп жатканын карап чыктым. Негизи “Амазон” бир орунда турбайт, ар жарым жыл сайын, алтургай ар бир үч айда эле өзгөрө берет.
Товарды Кытайдын “Алибаба” сайтынан алабыз
-- Адатта товарды изилдеп чыккандан кийин “Алибаба” сайтына буюртма беребиз. Буюмду изилдөөгө жардам бере турган программалар, софттор абдан көп. Алар эмнеге суроо-талап жогору экенин көрсөтүп, товардын кирешелүүлүгүн аныктап берет. Мисалы, биз “сумка сатабыз” деген жыйынтыкка келдик дейли, алгач Alibaba.com сайтына киребиз. Бул жерде кытай фабрикаларынын кеңири тобу жайгашкан. Мен кандайдыр бир бренд ойлоп таап, аны Бишкекте сатып жаткан болсом, аны кытай фабрикаларына тапшырык берем. “Мына ушундай дизайндагы товарды так ушундай кылып өндүрүп бергиле” дейм, бул private label деп аталат.
Пандемия шартында электрондук коммерция эбегейсиз өнүгүүдө
-- Азыркы пандемияга байланыштуу электрондук коммерция кызматын колдонгон адамдардын саны кескин өстү. Ошондуктан сооданын бул түрү мындан ары да өнүгүүнүн гана үстүндө болот.
Анархан Алтымышова
"Азия Ньюс" гезити