Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Искендер Гаипкулов: “Биз мыйзам бузууларды карап, көзөмөлдөп атабыз”

Искендер Гаипкулов: “Биз мыйзам бузууларды карап, көзөмөлдөп атабыз”

18-октябрь, 01:18
1 409 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Искендер мырза, БШК соцтармактарды көзөмөлдөй алабы? Кандай шартта, кандай форматта? Анткени, азыр парламенттик шайлоого талапкерлер өздөрүнүн шайлоого аттанып аткандарын жар салууда, муну менен үгүттөө иштерин тымызын жүргүзүп аткандай сес калтырууда...

-- Ал кишилерди бирөөлөр соцтармактарга чыгарып коюп атат. Же өздөрү чыгарса деле үгүт иштерин жүргүзүп, “мени шайлагыла” дешкен жок. Анүстүнө ошо соцтармактагы өздөрүн жарыялап аткандар катталыша элек. Эгер регистрация кылгандан кийин, расмий үгүт иштери баштала электе мыйзамсыз жактарга талапкер катары барып баштаса, муну атайын биздин БШКнын жумушчу топтору карап чыгып, тийешелүү чараларды көрүүгө милдеттүү. 

-- Катталгандарын жар салып, “мен Баланчаев, бир мандаттуу тиги округдан талапкер болуп катталдым” дегендер соцтармактарда жайылып кетти го?

-- Ал маселе боюнча азыр БШКга арыз түшкөн жок. Эгер арыз түшсө, ага юридикалык баа берилет. Дагы бир нерсени айтып коюшум керек, бизде “ачык маалымат” деген бар. БШК деле “Баланчаев Түкүнчө талапкер болуп катталды” деп сайтыбызга жазып атпайбызбы. Эгер ушундай маалымат жазылган болсо, анын эч чатагы жок. Ал эми “ушуга добуш бергиле” дегендерге тийешелүү чаралар көрүлөт. Ал жагын биз деле карап, көзөмөл кылып атабыз.  

-- Добуш сатуу боюнча БШК кандай чара көрөт?

-- Бу жерде факт керек. Же болбосо добушун саткан адам өзү “мына, мага келип моминтип акча беришти. А мен алып койдум” деп арыз жазышы керек. Жумушчу топ ыкчамдуу түрдө керектүү укук коргоо органдарына өткөрөт. Алар чын эле мыйзам бузуулар боюнча чечим кабыл алган болсо, аймактык шайлоо комиссиясы ал талапкерди мыйзамдын негизинде алып салганга укуктуу.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер