Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурлан Сулайманов менен Каныбек Жороев көмүскөдөн миллиондорду айландырышабы?

Нурлан Сулайманов менен Каныбек Жороев көмүскөдөн миллиондорду айландырышабы?

24-июнь, 14:15
1 296 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Мамлекеттин эсебинен Нурлан Сулайманов чиригенче байып, баласы Элдарды депутат кылып, учурда бизнесин гүлдөтүп аткан чагы. Кудайын тааныбай. Эсепсиз миллионерге айланганы ырас. Бирок, жалган дүйнөдө көз тойбойт экен да. “Куспай” эле “жутуп” келатат. Жомоктогудай. Буга чейин Нурлан Сулайманов өкмөт башчы Акылбек Жапаровго кеңешчи болуп, транспорт жана коммуникациялар министрлигине кураторлук кылары кабарланган. Учурда жол куруу боюнча ири долбоорлорду көзөмөлдөп, “майталкандын” үстүнө кайра чыктыбы? Баш чайкайсың... Бакиевдин аппарат башчысы Каныбек Жороев экөө биригип, көмүскөдөн миллиондорду айландырып атышабы? Министрликтин кызматкерлери арасында күбүр-шыбыр күчөп, Нурлан Сулайманов менен Каныбек Жороевдин амалдарын айтып бүтө албай атышат. “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт. Тийешелүү органдар кызыгып көрүшөбү? Мурда оор кылмыштарга айыпталган чиновниктер кайрадан баш көтөрүшүп, кыргыз элинин ырыскысын майкандай беришеби? Кандуу режим тушунда да көмүскөдөн күжүлдөп жатышчу эле. Аягы эмне болду? Сабак алышпайт экен да. Анан кантип алкымдарын тыйышсын? Бир эсе таңгаласың, булар гипноздогон сыяктуу сыйкырчылар эмеспи?.. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер