Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шайлообек Атазов түрмөдөгүлөр менен мушташып көрбөйбү? Сабак алсын...

Шайлообек Атазов түрмөдөгүлөр менен мушташып көрбөйбү? Сабак алсын...

14-октябрь, 20:52
737 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Парламенттеги жулунуу, жакалашуу, же мушташуу акылы жоктордун жоругу. Саясый сабаттуулар, интригандар чырга май тамызып коюшуп, четте карап турушат. А алакөөдөн чоң муштумдар демдерин баса албай жулкуна беришет. Курулай айтышуу, арзыбаган эмоциялар менен. Дал ушундай көрүнүш өткөн жумада болду. Парламенттен депутат Шайлообек Атазов кесиптеши Ырысбек Атажановго атырылып, “урам” деген таризде удургуптур. Күлкүнү келтирет. Муштаса эмне болот? Жиндилик да. Убагында Баяман, Санжар да уруп-согуп, мушташып жүрүшчү. Аягы кандай тамамдалды? Атазов алардын тагдырларын кайталагысы келеби? Бир эсе таңыркайсың, Жогорку Кеңеш – Ош базар, же түрмө эмес да. Адекваттуу депутат акылына, сөзүнө таянат. Аңкоо, зөөкүр муштумуна ишенет. Мына ушундан Шайлообек сабак алып, муундуу чөптүн үстү, булуттуу көктүн асты менен жүрүшү керек. Саясатта мүдүрүлүп, мертинип калыш бат эле. Керек болсо ишенген “кожоң” да жардам бере албай калышы ыктымал. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер