Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тажикстан менен чек аранын жабылганы, соода-сатыктын токтогону кайрадан согуштук жаңжал чыгарбайбы?

Тажикстан менен чек аранын жабылганы, соода-сатыктын токтогону кайрадан согуштук жаңжал чыгарбайбы?

13-июнь, 17:11
904 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Артур Медетбеков, коомдук ишмер:

-- Акыркы убакта эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын жабылышы, соода-сатыктын токтошу, кандайдыр бир деңгээлде дипломатиялык мамилелердин салкындашы, албетте, Кыргызстан менен Тажикстандын (экөө тең ОДКБ, ШОСко мүчө) ортосундагы карама-каршылыктарды күчөтүп жибериши мүмкүн. Башкача айтканда, чек ара маселесиндеги талаш жараткан жер тилкелерин чечүүдө өзүнүн кандайдыр бир тоскоолдугун жаратышы мүмкүн. Эгерде ушунун баарын эске алып, учурда Тажикстандагы чагымчыл саясатчылардын пикирин, өзгөчө акыркы кездеги Афганистандагы тажиктердин “чек арага келип согушабыз” деген видеолору туура эмес ойлорду жаратып, биздин жарандарды да кыжырлантканга шарт түзүп койду. Ошондуктан, кандай болгон күндө дагы чек ара маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда демаркация, делимитация иштери толугу менен бүтмөйүнчө, кечээги Алай жергесине окшогон локалдуу конфликттер боло берет. Бул – биринчиден. Экинчиден, чагымчыл саясатчылардын “афган согушчандарын жалдоого кадам таштайбыз” дегендери да абдан чоң жаңылыштык! Анткени Кыргызстандын куралдуу күчтөрү, ардагерлер жана жөнөкөй патриоттор аларды ордуна коюп, Кыргызстанга киргизбей кууп чыгууга толук мүмкүнчүлүктөрү жетет. Муну эске алышыбыз керек. Бирок, кантсе да биз коңшу болгондон кийин алар дагы, биз да башка жакка көчүп кете албайбыз. Демек, дипломатиялык, тынчтык жолу менен эки элдин ортосундагы достук мамилени кайрадан жандандыруу зарыл. Баары бир чек ара эртели-кеч ачылат.

Арзыбек Кожошев, мурдагы экономика министри:

-- Чек арадагы ар кандай көйгөйлөр дипломатиялык жолдор менен гана чечилиши абзел. Бул тууралуу чек аралар боюнча комиссия өз ишин алып барып жатканынан кабарыбыз бар. Жакынкы күндөрү Бишкек шаарында комиссиянын кезектеги отуруму болушу күтүлүүдө. Эки тарап тең жакшы жыйынтыкка келүүсү шарт. Коңшу мамлекеттер кылымдар бою майда-чүйдө чатактарды эске албаганда, жакын мамиледе жашап келишпеди беле? Менин оюмча, комиссия мындан ары жаңжалга жеткирбей, чек ара маселесин эки өлкөгө бирдей салмакта чечишет. Мындай тартышууда, жеңүүчү болбойт, ушуларды эске алса дейт элем. 

Венера Осмонбетова, экономика эксперти:

-- Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек аранын жабылышы соода-сатыкка тоскоол болууда, бирок мындай жолго барбасак да болмок эмес. Анткени, Тажикстан менен Баткендин ортосундагы жагымсыз окуядан кийин “чек арадагы жаңжал байкоосуздан, эмоцияга алдыргандын себебинен ушундай болуп кетти” деп астейдил билдирүү кылгычакты, тажиктер тескерисинче, солдаттарын чек арага апкелип, эч бир ылайыгы жок нерселерди жасап жиберишти. Анысы аз келгенсип, сайттарына да туура эмес жагдайларды таратышты. Согуштун да эртеси болот, жашоо уланышы керек. Аны ойлошкон да жок. Атайын даярдыктар менен келишип, биздин чек араны бузуп киришип, үйлөрдү өрттөшүп, буюм-тайымдарды уурдашып, кичинекей балдарга чейин кол салышканы үчүн биздин бийлик чек араны жапканга мажбур эле. Бул туура чечим болду. Албетте, экономикалык каатчылык уланууда. Бирок, биздин дыйкандардын тажиктерден эмнеси кем? Биздикилер деле өз колдору менен жашылча-жемиштерди өстүрсө болот. Сөзсүз эле кошуна өлкөгө көз каранды болуш керекпи? Болору болду, боёосу канды. Ким күнөөлүү? Баягы эле аткаминерлер, бийликтегилер. Чек ара маселеси ошол эле күнү чыга калган жок. Бул эзелтен бери келаткан көйгөй. Жаңжал чыкканга жеткизбей эле чечип коюшса не? Мындан аркысы эмне болот? Албетте, согуш чыкпайт, андай болушу мүмкүн эмес! Бул жагдай коңшу эки өлкөгө жакшы эле сабак катары каралды...      


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер