Дүйнө дүрбөлөңү – 2

(Башы өткөн санда)
БААС партиясынын Сирияда калыптанып, анын өлкө үчүн орун алган эбегейсиз таасири, албетте, көрүнүктүү саясатчы Хафез Асад менен байланыштуу. Мен студент кезде (1973-1977-жылдары) “Правда”, “Известия”, “Труд”, “Комсомольская правда”, “За рубежом”, ж.б. борбордук гезиттерди көп окучумун. Жаным тынбай керектүү макалаларды кыркып алып өздүк архив түзгөн учурларым болгон. Эсимде, ушул Хафез Асад жөнүндө бир топ эле маалыматтарды алгамын. Ал кезде Сирия менен Совет империясынын алакалары абдан жакшы болчу. Сириялык студенттер СССРдин, анын ичинде биздин борборубуз Фрунзенин ЖОЖдорунда көп окушчу. Дагы бир эсте калганы, Хафез Асаддын Советтерге жасаган расмий визиттери ошол кездеги коммунисттик духтун эрежелерине ылайык, өтө чоң шаң жана жагалдануу менен маалыматтанып турчу. Көрсө, БААС менен КПССтин “туугандашып” калган учурлары экен. Кандай болгон күндө да, башында коммунисттик-социалисттик идеяны карманган, анан эле каардуу диктатор болуп чыга келген Хафез Асаддын Сирия элинин тарыхына тийгизген таасири өтө эле зор!
Президент Хафез аль-Асад 1930-жылдын 6-октябрында француздардын карамагына колония катары өткөн Алавиттер өлкөсүнүн Кардаха шаарында туулган. Шииттердин бир бутагы болушкан алавиттер жөнүндө дагы көп жазам го. Анткени, Сириянын жалпы калкынын араң эле 15%ын түзгөн алавиттердин өкүлү болушкан ата-бала Хафез жана Башар Асаддар өлкөнү 54 жыл мыкчып башкарып келишти. Хафез Асаддын саясый карьерасы укмуш! Ал БААС партиясынын түзүүчүлөрүнө кирбесе дагы, ошол эле партиянын жакшылыгын каалашынча пайдаланып, өмүр бою эбегейсиз натыйжалуу саясый карьера жасай алган. Өзүңүздөр караңыздар: согуштук чини – генерал, 1966-1972-жылдар... – Сириянын коргоо министри. Сириянын БААС партиясынын улуттук башкармасынын башкатчысы – 1970-2000-жылдар аралыгында. Премьер-министр – 1970-1971-жылдары кыска убакытта. Сириянын президенти – 1971-2000-жылдары! Ал 33 жашында, башкача айтканда, 1963-жылы БААС париясы уюштурган согуштук төңкөрүшкө активдүү катышып, Сирия Арабиясынын согуштук аба күчтөрүн (САВВС) башкарууга жетишкен. Мындай ийгиликтен кийин Асад өлкөдө дагы бир нече согуштук төңкөрүштөрдүн активдүү лидерлеринин катарынан орун алат. Биздин Кыргызстан үчүн кызыктуу жери – Хафез Асад 1956-жылы ошол кездеги борбор шааарыбыз Фрунзеде СССР аба күчтөрүнүн эң алдыңкы согуштук учагы болуп эсептелген МиГ-17де согуштук учкуч катары машыгуудан өткөн. Ошол эле кезде Асад менен бирге Египеттин болочок президенти Хосни Мубарак да Фрунзеде бачым согуштук учагын башкаруу окуусунун студенти болгон. Белгилей кетчү нерсе, убагында Кыргыз ССРинде 36 чет элдик өлкөлөрдүн учкучтары окуп билим алышкан. Алардын ичинде болочок президенттер, премьер-министрлер, министрлер, депутаттар, ж.б. өз элинин көрүнүктүү саясый ишмерлери болушкан. Ушундай уникалдуу стратегиялык мааниге ээ болгон окуу жайды 1991-жылы биздин ошол кездеги ачкөз бийлик түп-тамырынан бери талап-тоноп, сатып жиберишкенине өкүнөсүң! Бул трагедиялуу тарыхыбыз өзүнчө баян кылууга татыктуу. Балдарыбыздын келечеги үчүн.
Хафез Асад 1966-жылы кезектеги мамлекеттик төңкөрүштүн активдүү уюштуруучусу болду. Анын негизги себеби, 1964-жылы Хама шаарындагы “Мусулман туушкандары” (“Братья мусулмане”) тарабынан уюштурулган куралдуу көтөрүлүш башталган. Асад мындай козголоңдорду кан төгүп гана жок кылуу керектигин колдоп чыккан. БААСтын эки лидери – Мухаммад Умран менен Салах Джадиддин ортосундагы кармашта Хафез Асад бир партиялуу диктатты көздөгөн Джадидди коргогон. Учурдан пайдаланып, четке сүрүлгөн Мухаммад Умрандын ордуна Хафез Асад өзүнүн бир тууган иниси Рифатты атайын согуштук комитетинин жетекчилигине орноштурууга жетишкен. Ошентип Джадид менен Асад БААСтын алгачкы түзүүчүлөрүн саясый аренадан сүрүп чыгышкан жана необасизм фракциясын таңуулашып, Ирактын саясатына ыктаган БААСтын классикалык түшүнүктөрүн чечкиндүү түрдө четке кагышкан.
Келечекте Сириянын узакка созулган (30 жыл) убакыттагы каардуу диктатору Хафез Асад жаш кезинде эле өтө митайым, айлакер, жүзүкара адам болгон көрүнөт. 1966-жылдагы төңкөрүштөн кийин каарманыбыз радикалдык социалисттерден куралган Сириянын өкмөтүндө коргоо министри болуп дайындалат. Ошол кездеги Сирия-Израиль согуштук конфликтте алдыңкы ролду аткарат. Бирок, табиятынан куу адам шашпастан ошол кездеги лидер Салах Джадиддин көлөкөсүндө жүрө берет. Ал эми Джадид өзү болсо БААСтын аймактык бөлүмүнө жетекчилик кылып, Сирияны сунниттердин карамагына өткөрө баштайт. Көбүнесе ал киши жарандык маселелер менен алаксып, элдин социалдык көйгөлөрүнүн үстүндө убактысын коротот. Натыйжада, Асад согуштук күчтөрдү толугу менен ээлеп алат, аброю өсөт. Алтургай 1967-жылдагы алты күндүк согушта сириялыктар еврейлерден таш-талканы чыгып жеңилип калганы да Асадга анча көйгөй жаратпайт. Мисалы, ошол согуштун кесепетинен өлкө стратегиялык жактан маанилүү болгон Голан бийиктигин израилдиктерге тарттырып жиберген. Муну дагы Асад өзүнүн саясый оппоненттерине жүктөй салып кутулуп кетет. Анын мындай “кылыгы” биринчи кезекте лидер Джадидге эбегейсиз зор зыян алып келди. Анткени, карапайым элдин ага болгон ишеними кескин түрдө азая баштаган болчу. Бул жерде дагы бир себеп бар. Ал Джадид менен Асаддын ортосундагы мамлекеттик идеологияга болгон көз караштардын айырмачылыктары. Өлкө лидери Джадид негизинен дүйнөлүк ири социализм менен “ички революцияны” жактап, СССРдин коммунисттик идеологиясын эталон катары колдогон. Хафез Асад абдан айлакерлик менен өлкөнүн тышкы саясатына артыкчылык берип, Израилди ооздуктоого чакырган. Бул кадам, албетте, карапайым сириялыктарга жагып калат. БААСка мүчө болууга катуу талаптар көп болчу. Асад андай талаптарды демократташтырып, партиянын мүчөлөрүнүн санын көбөйтүүгө чакырса, Джадид аны кескин сындап, мындай кадамдар “баасистердин” ичинде оппортунизмдин күчөшүнө алып келет деген.
Натыйжада Сирияда кош бийлик пайда болду. Хафез Асад өлкөнүн куралдуу күчтөрүн толугу менен өзүнө баш ийдирип алган. Салах Джадиддин таасири партиянын лидери катары гана чектелип калат. 1968-жылы Дамаскта БААСтын IV регионалдык (сентябрь) жана Х улуттук (октябрь) съезддери катар-катары менен өткөнүү белгилүү. Ал форумдарда Хафез Асад азчылык коалициясына кирип калууга дуушар болот жана анын бир дагы демилгеси съезддердин токтомдору катары кабыл алынбайт. Натыйжада эки лидер ачык таймашууга өтүшүп, 1969-жылдын февраль айында каршылашкан тараптар айыгышкан согушту башташат. Мисалы, 25-28-февралдар күнү Асаддын буйругу менен борбор шаар Дамаскка танктар киргизилген жана партиянын жооптуу кызматкелери жумуштан кетирилип, алардын ордуна Асаддын тууган-туушкандары, достору, жакын санаалаш адамдары келишкен. Айрыкча Хафез Асад бийликтин баардык бутактарына өзү “пир туткан” алавиттерди толтуруп алган. Ошондой болсо да Асад өзүнүн негизги душманы Джадидди аяп, камоого батына албайт. Бирок, 1970-жылдын 12-ноябрында БААСтын кезексиз съездинде экөөнүн ортосундагы конфликт апогейине жетет. Колуна эбегейсиз зор куралдуу күчтү жыйнап алган Хафез Асад съезддин жүрүш учурунда эле Салах Джадидди баш кылып, БААстын активдүү башчыларын камаган. Алардын бир нечеси бийлик менен келишип алышып, түрдүү мамлекеттерге элчи болуп кетүүгө макулдук беришип, катуу жазадан кутулушса, Джадид эч кандай макулдашууларга барган эмес. Натыйжада, ал түрмөдө 1993-жылы каза болгон.
Ошентип Хафез Асад Сирияны 1971-жылдын 14-мартынан 2000-жылдын 10-июнуна чейин (өзү каза болгон күн) президент катары тынымсыз башкарып турду. Ошол эле мезгилде БААСтын регионалдык катчысы болду. Өлкөнүн коргоо министри жана премьер-министри болгон учурларын кошо эсептесек, каарманыбыз 30 жаштан бир аз өткөндөн баштап эле сириялыктардын башкаруучулар когортасында турду. Негизинен куралдуу күчтөргө жакын болду. Сирия үчүн көптөгөн ийгиликтерди жаратканын эч ким тана албайт. Бирок, өтө олдоксон катачылыктар да кетирилди. Бул адамдын мамлекеттик ишмер катары саясый орду араб дүйнөсүндө абдан маанилүү. Ошондуктан, анын жасаган тигил же бул иштери жаш кыргызстандыктар үчүн пайдалуу сабак болот деп ойлойм. Бир нече тарыхый экскурс.
Хафез Асаддын доору бир эле кошуналар менен айыгышкан конфликтте болгон жок. Албетте, көрүнүктүү саясый жана экономикалык чаралар жана бараандуу социалдык долбоорлор да аткарылды. Биз жогоруда Сирия 1967-жылдагы “алты күндүк” согушта Израилден катуу жеңилип калды дедик. Баарынан күлкүлүү жана трагедиялуу көрүнүш, бул таңкаларлык согушта Сирия менен Египет бириккен согуштук коалиция түзө коюшуп, өздөрүнөн жүз эсе кичинекей Израиль менен Суец каналынын айлана-чекесинде согушка чыгышкан. Анан эмне болду? Израиль чагылгандай тездик менен тиги экөөнүн аба күчтөрүнүн таш-талканын чыгарып, бир дагы согуштук демилгени колдон чыгарбай, алты күндүн ичинде жеңишке жетишкен! Мындай согуштук жеңилүү ызасына буулуккан Хафез Асад еврейлердин айлакерлик согуш тактикасын анализдеп чыгууга да белсенип кирише албай, согуштук күч менен эле колдон чыгып кеткен араб жерлерин кайтарып алуу жолуна түшөт. Ошондуктан изоляциядан чыгуунун камын көрүп, Асад ошол жылы эле Москвага иш сапар уюштурган. Натыйжада, СССРдин башчылары алгачкы ирет Асадды Батыштын кишиси катары ишенбестикте карашса, кийин аны өз кучагына тартышкан эле. Анткени, Сириянын жаңы лидери Леонид Брежнев менен тез эле коюн-колтук алышууга үлгүргөн, Сирия тарап Советтер союзунун аскердик базасын өз аймагына кеңири жайгаштырууга макулдук берген. Бул кадам өз түшүмүн берди десек болчудай. Анткени, орустардын согуштук базалары Сирия жергесинде узак жылдар бою иштеп келди, бул эки тарапка тең пайдалуу болду.
Хафез Асаддын экинчи кадамы кайрадан Египет менен биригип, Израилди ооздуктоо болчу. Ошондуктан эки өлкөнүн ортосунда ыктыярдуу Араб Республикаларынын Федерациясы түзүлдү. Бул сапар мындай маанилүү документке Египеттин президенти Анвар Садат менен Сириянын жаңы президенти Хафез Асад кол коюшту. Ошентип, Сирия менен Египет биргеликте Израилге каршы согушка даярдана башташты. Бирок, белгилей кетчү нерсе, президент Анвар Садат ошол кезде эле Израиль менен согушу жок сепараттык сүйлөшүүлөргө багыт ала баштаган. Бул Асадга жаккан эмес. Ошондой болгон күндө да, 1973-жылдын 6-октябрында египеттик жана сириялык куралдуу күчтөр эки тараптан тең өтө маанилүү болгон Синай чөлүнөн жана Голан бийиктигинен Израилдин чек арасын бузуп киришкен. Бирок, бул согуш араб өлкөлөрүнүн эч качан бирдиктүү альянс түзө албастыгын дагы бир жолу кашкайтып далилдеп койду. Анткени, согуштун алгачкы күндөрү эле президенттер Анвар Садат менен Хафез Асад бири-бирин сата башташты. Айрыкча Египеттин президенти Анвар Садат. Башында советтик согуштук куралды мыкты өздөштүрүшкөн арабдар фронтто бир аз ийгиликке жетише алышты. Анан эле Синай жарым аралын ээлегенден кийин египеттиктер капысынан согуштук аракеттерди токтотуп коюшкан. Ал эми сириялыктар Голан бийиктигин алуу үчүн жанталашып согушуп жатышкан да. Бирок, түштүк фронттогу египеттиктердин “кылыгы” еврейлерге сонун жардам берип, алар сириялыктарды оңой эле талкалап салышкан. Мына сага, мактанчаак араб цивилизациясы! Алардын өз ара мындай бөлүп-жаруучулук адаттары азыр деле өкүм сүрүп келет. Ошондуктан Жакынкы Чыгыштын кожоюну катары еврей элдери өздөрүн кадимкидей эле эркин сезип алышкан. Ошентип, килтейген эки араб өлкөлөрү кичинекей Израилден таш-талканы чыгып жеңилип отурат. Египеттин президенти Анвар Садаттын сепараттык мүнөзү канында бар окшобойбу! Кан күйүп жаткан согуш учурунда бул эргул жашыруун түрдө АКШнын мамлекеттик катчысы Генри Киссинджер менен сүйлөшө баштаган. Америкалык дипломат арабдарга жан тартмак беле? Аягында Египет Израилдин көз карашына макул болуп берген. Мындай саткынчылык СССРдин жетекчилигин катуу тынчсыздандырат. Ошол кездеги министрлер кеңешинин төрагасы Алексей Косыгин Каирге катар-катары менен эки жолу барып, Садат менен сүйлөшүп, абалды ондоого аракет кылган. Бирок, Садат аны уккан жок. Натыйжада израилдиктердин 300 танкы Синай чөлүн кайрадан ээлеп алган. Мындай чукул бурулуш Хафез Асаддын шаштысын биротоло кетирип койду. Ошол эле жылдын 22-октябрында адегенде Египет, андан кийин Сирия БУУнун резолюцияларынын негизинде өздөрүн маскара кылган жарашуу келишимдерине кол коюуга мажбур болушкан. Ошондон бери Израиль арабдардын үстүнөн стратегиялык артыкчылыкка ээ болуп келет. Ушундай саясый эки жүздүүлүктөн биз кыргыздар оолак болуп, ар дайым бириге алабызбы? Суроо ачык бойдон калууда!
Президент Хафез Асаддын башка коңшулары менен болгон мамилелери да таңкалтырбай койбойт. Согушуу деген түшүнүк бул адамдын мээсине биротоло уюп кирип, катып калгандай. Мисалы, 1976-жылы сириялык армия дүйнө коомчулугунун пикирин көзүнө илбей эле кошунасы Ливанга бастырып кирген. Египет Израиль менен Кемп-Дэвид келишимине ылайык тынчтык мамилени түзүп алгандан бери еврейлерге каршы турган бир гана Сирия калган көрүнөт. Ал бул максатын ишке ашыруу үчүн Сириянын аймагында убактылуу жайгашкан Палестинаны боштондукка чыгаруу армиясын пайдаланган жана аларды Ливанга каршы тукурган. Андан сырткары, Асад ошол эле Ливандын ичиндеги агрессивдүү мүнөзгө ээ боло баштаган мусулман диаспорасын козуткан. Анткени, Ливанда узак жылдар бою христианин Сулейман Франьже президенттик кылып келген болчу. Ушундан улам мага ар дайым бир ой кетпей келет: согуштардын басымдуу көпчүлүгү дин маселеси менен байлашкан! Бул сапар дагы ошондой болду.
Каныбек Осмоналиев, профессор
"Азия Ньюс" гезити