Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутат Наталья Никитенко Камчыбек Ташиевге ачуу сөздөр менен кайрылды

Депутат Наталья Никитенко Камчыбек Ташиевге ачуу сөздөр менен кайрылды

09-июль, 14:55
2 324 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Депутат Наталья Никитенко УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев берген пресс-конференция боюнча жеке пикирин билдирди.

"Абдан тажрыйбалуу саясатчынын мындай билдирүү жасаганы өтө кейиштүү. Элди, жалпы маалымат каражаттарын, блогерлерди жана саясатчыларды коркутуп-үркүтүүгө алуу азыркы заманда жана биздин өлкөдө абсолюттук түрдө майнапсыз аракет. Башкалар көп ирет аракет кылган. Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, анын бир туугандары жана уулдары, Атамбаев менен Жээнбеков баардыгы элдин эсинде. Биздин эсибизде!"

"Эркиндик, анын ичинде сөз эркиндиги, бул биздин элибиздин генетикалык коду - бул биздин пайдубалыбыз. Айрым саясатчылар бизди 30 жылда эч нерсеге жеткен жок деп айтып жатышат. Бирок мен макул эмесмин. Биз көкүрөгүбүз менен кере-кере, эркин дем алып көнгөнбүз. Эч ким, бизден бул укугубузду тартып ала албайт!", - деп депутат социалдык баракчасына жазган.

Эске салсак, бир күн мурун, 8-июлда, Ташиев пресс-конференция берген. Ал Садыр Жапаровду иинтернетте жамандап жаткандардын баардыгы "эске алынып, каттоого тургузулуп жатат, учуру келгенде жоопко тартылат деп билдирген.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер