Акыркы кабарлар
» Саясат » Ири долбоорлордун айтылганына, шаар куруу божомолуна да көнүп бүттүк
Ири долбоорлордун айтылганына, шаар куруу божомолуна да көнүп бүттүк
08-август, 09:00

Бийликтин кылып аткан ишинен пиары көп экенин баарыбыз түшүнүп калдык. Ондогон капсулалар салынды, ири долбоорлор айтылды, Асман шаары курулат, 50 миң үй-бүлөгө ипотекалык квартиралар берилет, жолдор салынат, жаңы мектептер менен камсыздоо иштери уланууда, айтор, баары башталган, бирок жыйынтыгын толук кандуу көрө элекпиз. Ооба, чакан долбоорлор бүтө жаздап калды окшойт. Айрым мектептер, балдар бакчалары колдонууга берилип атыптыр. 2-3 километрлик жолдорго асфальт төшөлүүдө. Ал эми ири инвестиция тартууга, чоң долбоорлорду ачууга качан жетишебиз? Негизи алдыга карай айгайлап чуркай берип, коомчулукту тажата баштаган жокпузбу? Мактанбай эле койсок не? Эл баарын карап турат да...
"Азия Ньюс" гезити