Судья Альбина Жээнбекованын ишмердигинен үлгү алалы
Жаз айларында Ахматбек Келдибеков боюнча “Азия Ньюс” гезитине сын материалдар чыккан. Каарманыбыз ачууланып, сотко берген эле. Бирок, убакыттын өтүшү менен пикир келиштик. Ахмат мырза менен элдешүү жолуна барганбыз. Аңгыча эле соттук процесстин тартибине ылайык, берегидей чечим чыгып, колубузга тийди.
Ушул ыңгайдан пайдаланып, Бишкек шаарынын Октябрь райсотунун судьясы Альбина Жээнбековага ыраазычылык билдиребиз. Ар дайым калыс, мыйзамдын алкагында аракетин кылып келет. Буга чейин ИИМдин 7-башкармалыгынын начальниги Бакыт Матмусаевдин арызы боюнча да калыс чечимин чыгарып берген. Демократияга, сөз эркиндигине туура баа бергени, мыйзамдын алкагында калыс караганы кубандырган эле. А баса, биздин сотко барган өкүлүбүз Аскар Медетов “Таластын кыздары Альбинадай болот, эрктүү, адилеттүү...” деп бекер жеринен мактабаса керек. Кыскасы, мындай эжекебиз жалпы кыргыз элине жарыгын чачып, ишмердиги менен үлгү болсун!
"Азия Ньюс" гезити