Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атыр Абдрахматова: “Добуш сатып алуу өзгөчө Бишкек менен Ошто көп катталды”

Атыр Абдрахматова: “Добуш сатып алуу өзгөчө Бишкек менен Ошто көп катталды”

15-апрель, 19:09
607 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- 11-апрелде өткөн шайлоого жалпысынан кандай баа бересиз?

-- Бул шайлоо жалпы алганда мыйзам бузуулар менен өттү. Жергиликтүү кеңештерге бараткан талапкерлер жана партиялар жөнүндө шайлоочуларда кеңири маалымат болгон жок. Маалыматты уюштуруу дагы жолго коюлган эмес. Партиялар, анын ичиндеги талапкерлер жөнүндө талдоолор, аналитика, дебаттар толук кандуу берилбегендигине байланыштуу элдин тандоосу бир тараптуу болуп калды. 

-- Аялдарга каралган квота боюнча өзгөрүүлөр болдубу?

-- Аялдарга каралган мандат боюнча жетишкендиктер болду. Мында айылдык кеңештерде айымдардын шайлоого талапкер катары жигердүү катышканы байкалды. Алардын көбү бул атаандаштыкта жеңишке жетишишти. Шайлоо, мамлекетти башкаруу, муниципалдык деңгээлде башкаруу процесстерине аялдардын аралашканы жакшы көрүнүш. Дүйнө жүзүндөгү иликтөөлөргө караганда, айымдар бар жерде коррупциянын көрсөткүчү аз болот. Алар саясый максаттарды эмес, элдин көйгөйүн чечүүнү биринчи орунга коюшат. Бирок, мына шайлоодон кийин шаардык кеңештерде талапкер айымдарды тизмеден алып салуу аракеттери болууда.  

-- Мында деле добуш сатып алуулар болгондугу айтылууда. Аны таптакыр токтотуунун жолдору барбы?

-- Бул шайлоодо деле добуш сатып алуу болду. Өзгөчө Бишкек менен Ошто көп катталды. Ошол жерлерде мурдагыдай эле деңгээлге чыкты. Негизи добуш сатып алууну таптакыр жоюунун жолу – ошол саясый партияларды жана талапкерлерди жоопко тартуу керек. Антпесе бул көрүнүш шайлоодон шайлоого улана берет. Жакырчылык бизде жогору болгон үчүн, финансылык көз карандысыздык болмоюнча шайлоонун ыплас оюндарында акчага азгырылуу боло берет.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер