Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исмаил Исаков: “Кыргызстан эң кылмыштуу 50 өлкөнүн катарынан орун алды”

Исмаил Исаков: “Кыргызстан эң кылмыштуу 50 өлкөнүн катарынан орун алды”

19-август, 17:17
447 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Исмаил ага, биздин өлкөдө бийлик криминалга көз карандыбы?

-- Биринчиден, криминалга көз каранды болгон бийликтен эч убакта жакшылык күтүүгө болбойт. Андай өлкөдө алдыга өнүгүү болбойт, жарандардын укуктары  камсыз кылынбайт, демократиянын баалуулуктары иштебейт, мыйзамдуулуктун жаназасы окулуп, түшүнүк менен жашоо нормага айланат. 

-- Жыйынтыгы?

-- Анын жыйынтыгы барып-барып бийликтин “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” дегенге барып такалат, элдин кулчулук, маңкурттук, кошоматчылык, куйтулук, эки жүздүүлүк жана башка терс мүнөздүүлүккө айланышына, билимдүү жана акылдуу жаштардын өлкөдөн топ-топ болуп чыгып кетишине алып келет. Бул криминалга аралашкан бийликтин маңызы!

-- Кылмыштуулук боюнча сандар эмне деп сүйлөйт?

-- 2022-жылдын экинчи жарымынын жыйынтыгы менен өлкөдөгү кылмыштуулуктун деңгээли боюнча дүйнөлүк рейтингде 55,88 индекс менен 142 өлкөнүн ичинен 36-орунду ээлеп, 50 эң кылмыштуу өлкөнүн арасынан орун алдык. Отуз жылда ушундай төмөнкү деңгээлге түшкөн эмес элек. Албетте, мындай көрсөткүчкө бир заматта тоодон учуп түшкөндөй “жетүү” биз үчүн өкүнүчтүү жана өтө жаман көрүнүш. Өзүң айткандай, бир нече ирет чет элдик басылмаларга  жазылып, сынга кабылып келгенибиз бекеринен эмес, жогорудагы көрсөткүч анын далили. 

-- Бийлик криминалга көз каранды болбосо, сырттан инвестиция тартууга, туризмди өнүктүрүүгө жакшы шарттар жетиштүүбү?

-- Бийлик, криминалга көз каранды болбосо эле инвестиция тартууга, туризимди өнүктүрүүгө эбегейсиз шарттар түзүлүп, элибиздин турмуш шарты оңолуп, пенсия, пособие көбөйүп, тим эле жомоктогудай жыргап кетет белек (?) деген ой-тилек, максат жакшы. Бирок, жетиштүү эмес. Ал үчүн бийлик эң биринчи туура кадамдарды жасап, комплекстүү түрдө маанилүү, стратегиялык багыттагы иштерди аткаруулары зарыл. 

-- Мисалы?

-- Бийлик кош стандартты колдонуудан баш тартып, мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн орнотуп, мыйзамдын талаптарын так аткарып, элге, коомго, жарандарга үлгү көрсөтүүлөрү керек, армиянын тили менен айтканда, “делай как я” деген принципте. Бул биринчиси.  

Экинчиден, сот иштерине кийлигишпей, аларга кимди кандай “жайлаш керек” деген көрсөтмөлөрдү бербей, сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыз кыла турган тамырлуу өзгөртүүлөргө баруулары зарыл.

Үчүнчүдөн, демократиянын баалуулуктарын ыйык сактап, алардын аткарылышын кынтыксыз камсыз кылуу менен сөз эркиндигин, жарандардын укуктарын конституциялык нормалардын алкагында кынтыксыз камсыз кылуу шарт.

Төртүнчүдөн, бүгүнкү борборлошкон башкаруу системасынан баш тартып, жергиликтүү бийликтер борбордон эмес, өздөрүнүн кеңештери менен шаардын, райондун ички маселелерин толук кандуу, анын ичинде каржы жана кадр маселелерин өздөрү чече турган системага өтүү, бир сөз менен айтканда, бийликти децентрализациялоо.

Бешинчиден, жарандык коомдун жана эркин массмедианын өнүгүшүнө шарт түзүү менен бардык тарап боюнча атаандаштыкты жана ачыктыкты камсыз кылып, өзүнүн принциби, көз карашы бар тажрыйбалуу кадрларды мамлекеттик органдарга кызматка тартуу ж.б. олуттуу чараларды аткаруу зарыл.

Алтынчыдан, бийликке оппозициялык көз караштагы партиялардын жана жарандардын болушун, алардын иш аракеттерин мыйзам чегинде камсыз кылуу. Оппозициялык көз караштагы партиялардын, жарандардын жоктугу коррупциянын гүлдөшүнө, криминалдардын таасиринин күчөшүнө бийликтин өзүм билемдигине алып келет. Сын-пикири үчүн куугунтук, өлкөнү алдыга жылдырбай, тескерисинче, артка тартат. Кышында, музда тайгаланып жыгылгандай эле, оппозициясы жок бийлик бир күнү өзү эле тайгаланып, экинчи тургус болуп тайтаят. Бул  жаратылыштын мыйзамы.

-- Исмаил ага, сөзүңүзгө аралжы, мамлекетте болуп аткан жакшы иштер жөнүндө да кошумчалап кетсеңиз, андайлар жок эместир?..

-- Албетте, бүгүн баары эле кара түстө эмес. Адам укуктары, сот бийлиги жана сөз эркиндиктери боюнча болуп жаткан көйгөйлөр менен кемчиликтерди эске албаганда, бир топ алгылыктуу иштер дагы болууда. Президент Садыр мырза менен УКМК төрагасы Камчыбек мырзанын ички кыргыз инвесторлоруна колдоо көрсөтүүлөрү, өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү жана жол менен курулуш маселелери боюнча өзгөчө Камчы мырзанын коррупцияга каршы ошол эле криминалдарга бөгөт коюу иштери колдоого татыктуу. Бирок, бул аткарылып жаткан иштер мыйзамдуулуктун орношуна, тышкы чоң жана таза инвесторлордун келишине, Конституцияда бекитилген укуктук-демократиялык өлкөдө жашообузга шарт түзбөйт жана өлкөбүздүн стратегиялык багытта өнүгүшүнө жеткирбейт. Ал үчүн жогоруда айтылган ж.б. иштерди баарыбыз бир муштумдай биригип, ынтымакта, ар бир жарандын пикирин сыйлоо менен өлкөнүн келечеги үчүн комплекстүү түрдө аткаруубуз зарыл.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер