Өлкөдө соттук реформа болбой эле баары коррупцияланышып кеттиби?
Коомчулукту тынчсыздандырган үч факты. Соттор кайда баратат? Учурда бул тема катуу талкууланып, бийликке карата ишенимге сокку урууда.
Биринчиси, транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев 2018-жылдын декабрь айында италиялык компаниядан 520 миң доллар пара алганы боюнча айыпталып, 14 жылга эркинен ажыратылган. Эми болсо Бишкек шаардык соту анын мөөнөтүн 12 жылга кыскартканын адвокаты Жыргалбек Бабаев билдирип чыкты.
Экинчиси, 2014-жылы “Манас” аэропортунун Бишкек филиалынын директору Мирлан Бегалиев 5 миллион долларды офшордук зонага чыгарып ийүүгө шектелип, камакка алынган. Бул боюнча убагында катуу резонанс жаралган. Учурда болсо Мирлан Бегалиев үй камагына чыгарылды.
Үчүнчүсү, Бишкек шаардык автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин мурдагы начальниги Насирбек Алмамбетов пара алууга айыпталып, 12,5 жылга эркинен ажыраган. Райондук соттун мындай чечими 3 миллион 300 миң сомдук айып пулга алмаштырылып, айыпталуучу Насирбек Алмамбетов эркиндикке чыгып кеткен.
Коррупция менен катаал мааниде күрөшүүнү президент Сооронбай Жээнбеков дайыма айтып, катуу талаптарды коюп келет. Ал эми соттор өз билгенин кылууда. Муну кандайча түшүнөбүз? Коррупцияга баткандар сотторго уурдаган акчаларынан бөлүшүп, кыска аралыкта эле эркиндикке чыгып кете беришсе болобу? Мындай ыраатсыздык мамлекттүүлүктү жарга такап салбайбы?..
Aryba.kg