Рита Карасартова, укук коргоочу: “Биздин жасаган кылмыш аракеттерибизди ачык далилдеп бергиле...”


-- Рита айым, Кемпир-Абад боюнча соттук иштер кантип атат?
-- Кемпир-Абад иши боюнча биз былтыр 23-октябрда 25 активист, саясатчылар кармалганбыз. 8 ай тергөө жүрдү. Июнь айынын аягында иш сотко өттү. Төрт айдан бери соттук териштирүү баштала элек. Анткени тергөө учурунда бизди иш менен толук тааныштырган эмес. Эки ай иш менен тааныштык. Анан ошол 25 адамдын 11и дагы деле СИЗОдо отурушат. “Соттук териштирүү ачык-айкын болсун” деп талап кылып келгенбиз. Жыйынтыгында, ошол 11 адамды соттук териштирүүдөн четтетип салган. Ошентип, эки айдан ашык убакыттан бери алар СИЗОдон чыкпай, сотко келбей отурушат.
-- Эми мындан аркысы кандай болот?
-- Бир кызык жагдай пайда болууда: Азимбек Бекназаров “мен өзүмдүн жактоочумдан баш тартам, мени бир да жактоочу жактаганга уруксат бербейм” деди. Жактоочу жок бир да соттук отурум болбой атат. Мындан сырткары, “баарыбыздын талабыбыз – ачык-айкын сот менен соттогула, биздин жасаган кылмыш аракеттерибизди ачык далилдеп бергиле. Кайсы жасаган аракеттерибиз кылмыш, бизге сабак болсун” деп келебиз. Жадагалса, Бишкек шаардык соту биздин ишти экиге бөлгөн, “бул жери ачык, бул жери жабык өтсүн” деп. Ага деле карабастан, соттук иш жабык өтүп атканы түшүнүксүз болууда.











