Акыркы кабарлар
» Саясат » Алиярбек Абжалиев кайра “куспай” турганы айтылууда
Алиярбек Абжалиев кайра “куспай” турганы айтылууда
08-июль, 00:07


Түрмөдөгү экс-депутат Алиярбек Абжалиевдин духу көтөрүлүп, чыйралып алганы каңкууланууда. Ал айыптарды мойнуна албай, жадагалса мамлекетке келтирилген чыгымдарды да төлөбөйбү? Бул таризде тар чөйрөдө талкуулар жаралды. Эске салсак, Алиярбек Абжалиев президенттик кызматтан кубаланган Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Эски режимде эбегейсиз байып, эл көзүнө алынганы ырас. 2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин көп өзгөрүүлөр башталганы белгилүү эмеспи. Көпөстөр, жалаң ичип-жегичтердин катарында Алиярбек Абжалиев да камалып, камактан “кусуп” чыкканы белгилүү. Бирок азыр “окшубай” турганы айтылууда. Аягына чейин принципке турабы? Бир билгени бар окшойт...
"Азия Ньюс" гезити











